Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирлан Аскеров: “Зилзаланын түрк тилдүү элдерге эле эмес, менимче, бүтүн дүйнөгө кесепети тийди”

Темирлан Аскеров: “Зилзаланын түрк тилдүү элдерге эле эмес, менимче, бүтүн дүйнөгө кесепети тийди”

14-февраль, 09:00
347 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Түркиядагы абалды кандай кабыл алдың? Бизден кандай жардамдар болуп жатат? Боордош элибиз тууралуу пикириңди уксак?

-- Түркиядагы абал өтө оор. Жалпы эле Орто Азиядагы түрк тилдүү элдерге эле эмес, менимче, бүтүн дүйнөгө кесепети тийди. Анткени бизде акыркы кезде Түркия менен байланыштар өтө күчтөнүп бара жатат. Маданий өнөктөштүк жана аскерий кызматташтык бар. Билим берүү тармагы боюнча да байланышыбыз чоң. Кыргыз эли бул кайгыны бир тууганында кырсык болгондой кабыл алды. Ошондуктан биздин жардамыбыз өтө маанилүү. Кыргызстандын жалпы элине түрк тарап ыраазы болсо керек. Мисалы, Борбор Азиядан биринчилерден болуп жардамыбызды жибердик. Көңүл айтылып, атайын эсептер ачылып, каражаттар чогулуп жатат. Президенттик администрация кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын которду. Жогорку Кеңеш да эскерүү менен өз ишин баштады. Бул жакшы көрсөткүч десем болот. Ушундай оор трагедиялуу, каргашалуу окуяда адамдык сапатыбызды, жогорку деңгээлдеги реакциябызды жасаганыбыз туура болду деп баамдайт элем.

ӨКМ тараптан 67 куткаруучу жиберилди. Атайын каражаттар дагы барды. Мынчалык көп сандагы куткаруучулар өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу баратат деген репортажга күбө болдук. Ошондуктан аман-эсен барып, көптөгөн жарандарды куткарып, аман алып калганга биздин ӨКМ куткаруучуларынын салымы чоң болот деп ишенем. Биздикилер муну менен гана чектелбей,  каржылык жана гуманитардык жардамга дагы даяр экенин билдирди. Президентибиз, тышкы иштер министрлиги, Анкарадагы элчибиз Руслан Казакбаев дагы бул тууралуу айтты. Менимче, жардамдар дагы уланат. Жалпы түрк элине амандык, сабыр тилейбиз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер