Владимир Жириновский: “Көп аял алуу салтыбыз болсо, калкыбыздын саны миллиардга жетип калмак”
“Москва” агенттигинин билдиргенине караганда, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский көп аял алуу идеясын колдоп чыкты.
“Славяндарда көп аял алуу салты бар болчу, эмне үчүн аны жок кылдык? Ошол салт жакшы эле да, азыр калкыбыздын саны миллиардга жетип калмак. Муну жокко чыгарууга болбойт, себеби, көп аял алууга уруксат бермейин биз эч качан демографиялык проблеманы чече албайбыз” деди Жириновский Мамдумада өткөн “Салттуу баалуулуктар жана аларды камсыздоонун укуктук кепилдиктери” тегерек үстөлүндө сөз сүйлөп.
Саясатчынын пикири боюнча, энелик капитал программасы төлөнчү акчанын суммасын көбөйткөн күндө деле демографиялык проблеманы чечүүгө жардам бере албайт.
Сентябрь айында Россия Федерациясынын дин башкармалыгынын жетекчиси шейх Равиль Гайнутдин Россияда көп аял алууну мыйзамдаштырууну сунуштаган болчу. Анын сунушун Москванын муфтийи Ильдар Аляудинов колдоп чыккан. Анын айтымында, бүткүл Россияда көп аял алууну легалдаштыруу эркектерге салыштырмалуу аялдардын санынын көптүгүнөн улам келип чыккан бир катар социалдык көйгөйлөрдү чече алмак.
(Рамблер. ру)