Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейдалы Мырзакматов, экономист: “Бюджеттин өсүшүнө инфляция, валюталар курсу, бажы ставкалары таасир этти”

Сейдалы Мырзакматов, экономист: “Бюджеттин өсүшүнө инфляция, валюталар курсу, бажы ставкалары таасир этти”

26-декабрь, 18:38
652 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өкмөт казынасына миллиард каражаттар түшүп атканы менен жакырчылык жакадан алып, кыстап келет. Мындай карама-каршылыкты кандайча чечмелесек болот?

-Казынага түшүп жатканы – бул факт. Салык төлөөчү база бар экен, салыктарды чогултуп жатышат. Тактап койчу нерсе, көп деле салык төлөөчү жаңы субъектилер кошулган жок. Аларды ачыктап жатышат. Бул эми башка тема, бирок эртеби-кечпи баары бир жаңы субъектилерди түзүү керек болот. Бюджет жалаң эле салыктан турбайт. Бажы жана башка төлөмдөр, ВВП өстү, а бюджет акыркы жылдары ВВПнын үчтөн бирине жакындады. Бюджеттин көлөмүнүн өсүшүнө инфляция, валюталар курсу, бажы ставкаларынын өсүшү да таасир этти.

Кыргыз Республикасынын статистикасында, өкмөтүндө ар дайым өзүнчө статья, позиция, строка менен көрсөтүлүп келген мигранттардын акча которуулары бар. Мына ушулар көптөгөн жылдар бою КР экономикасын стабилдештирип келет. Мисалы, былтыр, мурдагы жылы Кыргызстандын импорту 10 миллиард долларга жакын, ал эми экспорту 2,4 миллиард доллар болду. Айырмасын ушул мигранттардын которгон акчалары компенсация кылып келет көбүнчө.

 Жакырчылык боюнча так кесе айта турган көрүнүктүү фактору жок. Көптөгөн негиздердин, дүйнөлүк геосаясаттын, экономикалык конъюнктуранын жана башка шарттардын жыйындысы. Россиянын рублин айтсак, бир жыл ичинде 40 пайызга арзандады. Ошончо эле пайызга Россияда иштеген Кыргызстандын жарандарынын кирешеси азайды. Инфляция, импорттун экспорттон көптүгү да таасир этүүдө. Быйыл картошка, жаңгак, мал арзан болууда. Ошол товардык позициялардын артында көптөгөн жарандар турат. Жалпысынан алсак, быйыл же былтыр эл жакырланып кеткен жок, экономикалык көрсөткүчтөр лаги эффектиси (бир канча убактан кийин) менен иштейт. Пандемия, РФ СВОсу, ушуга окшогондордун кесепеттери эми билине баштады. Калктын аярлуу, орто катмары пандемияда запастарын азайтып алышкан. Мына ошолор жакырчылыктын сазына батып баратышат.

-- Картошка, жаңгаң, мал арзан болуп жатыптыр, а эмне үчүн реалдуу турмушта жеңилдиктер байкалбайт?

-Туура, Кыргызстанда баардыгы кымбат. Өзгөчө атамекендик продукциялар, кызмат көрсөтүүлөр жогору. Айталы, жердин түбүнөн ташып келинген банандын дүң баасы 120 сомдун айланасында болот. Ташкент лимондору 70 сомдон. Биздин алмалар сезондо да жүз сомдун айланасында. Негизги себеби, бизде товардык көлөм жок. Ошон үчүн товардык эмес, натуралдык чарбалар көп. Жыл бою, сезонго карабай туруктуу киреше тапкан субъектилер да көп. Эң жөнөкөй мисалдар: чачтарач, сулуулук салондору, аптекалар, медклиникалар, ресторан, ашкана, барлар, транспорт, хостел, мейманканалар, окуу жайлар, башка кызмат көрсөтүүлөр да кымбат. Ал эми биз санап өткөн көп сандагы фермер, жеке дыйкан чарбаларында, сезондуу иштеген жалданма жумушчулар да өтө арбын. Так ушулар туруктуу, стабилдүү кирешеси жоктор кризис кезде ого бетер жардыланууда. 

Бир жагынан бизде да айып көп. Постсоветтик жылдары Кыргызстандын эли жапырт соода, кызмат көрсөтүү жагына өтүп алышып, кичине пайдага иштебей жаман үйрөндүк. Ушул эле шаар ичине Дордойдон кеч калгандар миң сомго чейин такси менен келишет. Араң иштеп жаткан кафелерде да бир чайнек чай 120 сом, ага кошуп 15 пайыз тейлөө акысын алышат. Бул эми примитивдүү мисалдар. Студенттер, жаштар, акчалары саналуулар да эртеңки күнүн ойлобой, фастфуд жешет. 

Эмгек ресурстарынын жетишсиздигинин дагы бир себеби, баары эле миграцияга тап коюп жатышат. Шаарда эң жөнөкөй жумуштарда: такси, бармен, официант, курьерлерде жогорку айлыктар. Ошон үчүн жалаң эле сары рюкзак асынып тамак жана башкаларды ташыгандар. Алардын тамагы 200 сом болсо, жеткирүүсү да ошончо сом болот. Ушундай майда себептерден улам калктын кээ бир катмарлары жакырчылыкты баштан кечирүүдө. Парадокс мында: ошол эле тамак жеткирүүчүлөр ошентип кыйналып тапкан акчаларын чачтарачка, транспортко, ошол эле фастфуддарга берип жок кылышат. Кыскартып айтканда, кирешелер мүмкүн азайган жок, бирок кымбатчылык өсүүдө.

-- Өкмөттүн салык саясаты боюнча оюңуз кандай?

-- Эми алар аныктаган курсу боюнча иштешет. Негизи, экономикада, мамлекетте ырааттуу, бирдиктүү система болушу шарт. Ар кандай шарттардан улам фискалдык саясат өзгөрүп турганы түпкүлүгүндө туура эмес. Бирок, андан да маанилүүсү – бул мамлекет тынчтыгы, анын өз граждандары менен консенсусу. Убактылуу болсо да, президент консенсусту орното алды. ККМ – бул бюджеттин, салыктын кичине гана бир фрагменти. 

-- Анда неге ККМге чоң резонанс жаралды?

-Кыргызстанда ири, көрүнүктүү, бюджетти түзүү чарба субъектилери жок. Айла жок, миңдеген, жарыбаган салык төлөнчү жерлерден тийешелүү ведомстолор салык чогултууга аргасыз болууда. 

Элге түшүнүктүү болуш үчүн сөздү башынан баштасам. ККМ КРда эволюция жолу менен эч каршылыксыз эле коюлуп келе жаткан. Азыркы бийлик эң оор эл аралык, пандемия учурунан кийинки өткөөл мезгилде иштеп жатат. Чечилбеген чек аралар, геосаясат деген орчундуу маселелер турганда, кошул-ташыл болуп, ички социалдык протесттер жаралбашы керек эле. Сыягы, министрлер кабинети аргасыздан жапырт ККМге өткөрүүнү ойлоду окшойт. Болбосо, КР базарлары – бул жалпы ВВП, анын ичинде салыктар секторунда пропорциясы, үлүшү өтө деле чоң эмес. Соцтармактарда кайсы бир топтор бар, популисттер. Элге да, бийликке да, президентке да каршы иштешкен. ККМге каршылар – салык төлөбөгөндөр дешип, жалган, манипуляциялык иллюзия түзө алышты. А чындыгында базарларда 80 пайызы бир жылдык обороту 8 миллионго чыга алышпайт. Дүң соода кылгандарга ККМ чынжырчасы аркылуу чыгуу деле көп ынанымсыз. Аларды бажы боюнча эле аныктаса болот.

-- Жарым жылга патент менен иштөөгө уруксат берилди. Бул нерсе соодагерлердин сөзүн уккандыкпы же салык саясатындагы чабалдыкты жоюуга жумшалчу убакытпы?

-- Салык саясатында чабалдык деле жок. Болгону, ККМ процедураларын жеңилдетүү зарыл. ККМди – бул касса коюп, же телефонго приложение көчүрүп алып, кнопка басып чек чыгаруу катары түшүнүп жатат көпчүлүк. Негизи ККМге эч ким каршы эмес. Анын ЭТТН, өзгөчө ЭСФ мына ушуларында жатат проблема. Жаңы версиясын түзүү зарыл. Мейли, эң жөнөкөй түрү дейли, товардын аты, анын суммасы, бирок сөзсүз касса аркылуу болсун. Бир нече убактан кийин баары жайына келет. Кыргызстандагы соодагерлердин отуз жыл жыйналган калдыктары жоголот. Ишкерлердин жаңы поставкалары айла жок ЭТТН, ЭСФ менен коштолот. Болгону бир аз убакыт, компромисс, консенсус, сабыр керек.

-- Акылбек Жапаров кандай иштеп жатат? Ал берген убадаларын аткарып жатабы же кандай?

-- Господин Акылбек Жапаров финансист. Билишимче, докторлугун да салыктар боюнча жактаган. Айла жоктон, бюджетти толтуруу үчүн салыктарга басым жасап жатат. Катачылыгы да бар. Салык базасы бар экен, мурунку мезгилдин “прошлый труд” деген термини бар экономика илиминде. Ошолорду эле жакшы башкаруу кылып, азырынча чогултуп жатат. Бирок, жаңы салык төлөөчү субъектилерди түзүү да керек. Антейин десе, бюджет чакталуу. Дилемма.

-- "Салык менен өлкөнү өнүктүрөбүз" деген – караңгылык! Өлкөнү өндүрүш гана өнүктүрөт! деген пикирлер да бар. Бул боюнча кандай ойдосуз?

-- Салык базасы, экономикалык активдүүлүк бар болсо гана өлкө өнүгөт. Андай база болбосо, ККМ эмес, кесип алсаң да салык чыкпайт. Салык базасы бар болсо, эртеби-кечпи төлөм өз жолуна түшөт. Өндүрүш сектору деп совет методологиясынан бери жаңы экономикалык саясатты, анын терминологиясын, экономикалык категорияларын билбегендер айтышууда. Чынында Кыргызстан капкачан эле капитализмге өтүп алган. Кыргыз Республикасындагы чарба жүргүзүүчү субъектилердин 99,5 пайызы жеке менчик формасында. ВВП структурасында тейлөө сектору плюс ЧНП 60 пайыздан ашып кеткенин, азыркы мезгилде совет доорундагыдай өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес тармактар деген рамкалар жок. Кыргызстан Кытай жана Өзбекстан менен чектеш экенин, продукция өндүрүүдө аларга конкурент болуу оордугун билбегендер көп. Айла жоктон Кыргыз мамлекети көп жылдар реэкспорт менен иштеди. ЕАЭБге кирип, ал да токтоду. Дүйнөлүк, регионалдык эл аралык эмгекти бөлүштүрүу (МРТ – международное разделение труда), алкагында КРдин эч бир товардык позицияда көрүнүктүү нишасы жок. Текстиль жаатында ордун жоготпоо аракети ЕАЭБ ичинде да ишке ашпай келет. Кыргызстандын экономикасы өтө чакан, рыногу да тар, трансмагистралдык жолдор жок. Деңиздерге чыгуунун чыйыры да алыс. Мына ушулардын баары өтө чоң көйгөйлөр

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер