Акыркы кабарлар
» Саясат » Алмаз Исанов атасынын сапаттарын бек тутуу менен мамлекетке кызмат кылса
Алмаз Исанов атасынын сапаттарын бек тутуу менен мамлекетке кызмат кылса
21-октябрь, 18:14
1 097 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Президенттик аппараттын саясатты жана реформаларды ишке ашыруу башкармалыгын Алмаз Исанов жетектеп, билгендерге үмүт жаратууда. Интригадан алыс, милдетин так аткаруу, мыйзамды сыйлаган кызматкер катары бааланууда. Атасы Насирдин Исанов да мамлекеттик чечимдер үчүн принципиалдуу, адилеттүү инсан болгонун билебиз. Кумтөрдү элге иштетүү вазыйпасын аркалап, афёра менен кармашуу капшабына кабылган эле. Насирдин Исановду акыры “желмогуздар” жол кырсыгына шылтоолошуп, буюртма өлтүрүүнү жашырышканы аңыз катары айтылып келет. Ал эми өткөн чак. Кудай баарын таразаласа керек. Натыйжада, Алмаз Исанов атасынын сапаттарын бек тутуу менен мамлекетке кызмат кылса, элибиз алкап алары шексиз. Үмүт акталабы?
"Азия Ньюс" гезити