Акыркы кабарлар
» Саясат » Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого аттанса шансы чоң
Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого аттанса шансы чоң
16-март, 19:02

Саясатчы Ахматбек Келдибеков премьер-министрлик менен элчилик кызматты суранбаптыр. Бул боюнча оппоненттери бурмалашып, “саман учту” десе, “Самарканд өрттөнүптүр” дегендей аңыз кептерди таратып жиберишкенин эшиттик. Биздин басылма “Ахматбек Келдибеков өкмөт башчылык же элчилик кызмат сунушталса барабы?” деп кызыгуу жаратканбыз. Бул маселелер боюнча каарманыбыз эч жерге маек да берген жок. Ал эми коомчулуктун акыл-эстүү катмары экс-спикердин жогорку даражалуу кызматка барышын колдошуп, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуусуна кызыгышкан. Бийликтин фейк-фабрикалары бир ооздон жамандаганга жетишкени ырас. Себеби, күчтүү инсандын артынан дайыма сөз ээрчийт. Көралбагандар ор казат, ылдыйда туруп жамандашат. Ал эми Ахматбек Келдибеков учурда өзүн таза сактап, алдыдагы саясый кылчайнаштарга даярданып атабы? Убакыт учкан куш. Кыргызстанда президенттик шайлоо тез-тез эле болот эмеспи. Мына ушул улуу күрөшкө аттанса, бештин бири катары суурулуп чыгышы мүмкүн. Шансы чоң. Али бүйүр кызыта турган келечек алдыда. "Азия Ньюс" гезити











