» Саясат » Эмне болот? Милициянын ардагерлери митингге чыгууга даярданууда
Эмне болот? Милициянын ардагерлери митингге чыгууга даярданууда
20-февраль, 21:43
554 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
ИИМдин ветерандары митингге чыгуу боюнча план түзүшүп, жапатырмак биригүүгө бел байлашыптыр. Маселенин өзөгү – пенсиянын көтөрүлбөгөнү, кымбатчылык курчуганы, өмүр бою мамлекетке кызмат кылышып, бирок жаш өйдөлөп калганда кароосуз калышканы көйгөйгө айланыптыр. 10-мартта митинг уюштурууга камынышканы, жогорку бийлик төбөлдөрүнө арыз-даттанууларын айтышары болжонууда. Он миңдеген милициянын ардагерлери козголушса, бул толкун өлкөдөгү туруктуулукка шек жаратпайбы? Мындай жагдайды саясый тайпалар пайдаланып кетсе эмне болот? Айтор, жаз жакындаганы күбүр-шыбыр кептер курчуп, баштары бирикпеген күчтөрдүн козголо баштаганы кандай? Бийлик алдын ала саресеп салып, этияттык менен мамиле жасоого мезгил келди. Биз коңгуроо кагып коюуну туура көрдүк.