Окуучусун сактап калам деп 25 жаштагы мугалим көз жумду
Казандын №175 мектебиндеги куралдуу кол салуудан 25 жаштагы мугалим Эльвира Игнатьева көз жумду. Ал окуучусун сактап калууга аракет кылган. Бул тууралуу РИА Новостиге шилтеме берип “Барометр” жазып чыкты.
Маалыматка караганда, англис тили сабынан берген мугалим Эльвира Игнатьева кылмышкердин огунан окуучуну сактап калуу үчүн аны четке түртүп, өзү жаракат алган. Ок чыгарган 19 жаштагы Ильназ Галявиев болгон.
“Мектеп жамаатынын айтымында, Эльвира Игнатьева 2018-жылы “Жылдын мугалими” сынагында 2-орунга ээ болгон. Ошондой эле ал Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына позитивдүү жашоого шыктандыруучу постторду жарыялап турчу.
Андан сырткары, учурда жандандыруу бөлүмүндө математика сабагынан берген мугалим оор абалда жатканы айтылды. Ага Ильназ Галявиев биринчи ок чыгарган” деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 11-майда Казандагы мектепке эки жигит курал менен кол салган. Андан 11 адам каза болуп, 32 адам жаракат алган. Тартип сакчылары атышууну уюштурган эки жигитти тең кармашты. Сурак учурунда Галявиев “бардыгын жек көрөм, бир-эки ай мурун өзүмдүн Кудай экенимди билдим” деп айткан.