Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийлик менен оппозиция хор айткандай жарышып, Райымбек Матраимовго кызыгышууда

Бийлик менен оппозиция хор айткандай жарышып, Райымбек Матраимовго кызыгышууда

09-март, 19:40
762 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында сенсация жаралчудай... Бийликтин кадр саясаты анчейин жүрүшпөй, професионалдарга муктаж болуп жаткан чагы. Мындай жагдайда көп нерсени талдоого убакыт бар. Көк деңизди байырлаган, көркөмдүү жигит Райымбек Матраимовго айрым бийлик билермандары “куда түшүүнү” болжошуп, министрлик кызмат сунуштаганы жатышканын эшиттик. Кризис-менеджерлик сапатын, караңгыдан көз тапкан акылмандыгын баалашып, каарманыбыздын алдынан өтүшүп, тил табышууга барышабы? Азырынча байкоо сала туралы. Ошол эле кезде оппозиционер Рыскелди Момбеков маек берип, “Райым Матраимовго орден бериш керек. Ал бажыда иштеп атканда планды 100 пайыздан ашык аткарчу” деп алтын шилекейин чачыратып, мактап салды. Да-а, кызык экен. Рыскелди мырза Алмазбек Атамбаевдин оң колу эмеспи. Демек, бул сөздөрдү бекер оозанган жок. Анан калса, Атамбаев да түрмөдөн чыкканда РМге рахмат айтып, алкаганга жетишиптир. Ток этерине келсек, бийлик менен оппозиция бирдей жарышып, хор айткандай образды келтиришип, кыргыздын мекенчил уулун өздөрүнө тартууга белсенип калышкандай. Али сырдуу карталар ачыла элек. Эмоцияга алдырбай, сабыр кылып туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер