Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрага Замирбек Базарбековду соттор тоготпой калышканбы?

Төрага Замирбек Базарбековду соттор тоготпой калышканбы?

08-апрель, 12:00
898 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков адилеттүүлүккө басым жасап, коллегаларын мыйзамдуу чечимдерди кабыл алдырууга аракет кылары айтылууда. Тазалыкка карай ниети бар окшойт. Тилекке каршы, дээрлик соттор ага баш ийкеп коюшуп, өздөрү каалагандай өкүмдөрдү окушканын, көбүнчө акчанын кулуна айланып кетишкенин кантип жашырабыз? Жашаган хансарайлары, элиталык кымбат баалуу үйлөрү укмуш, алдыларында кычыраган жолтандабастары бар. Ар кандай кылмыш иштерди “жең ичинен” бүтүрүү, кайсы бир тараптардын кызыкчылыктарына шайкеш келтирүү көндүмгө айланса, дегеле чоң суммалар көшөгө артынан соодаланып атса, соттордун өзүмбилемдигин кантип тыябыз? Соңку убакта фемиданын бай-манаптары УКМКдан да коркпой калышканбыКызык. Мындай жагдайда Замирбек Базарбековду көзгө илбей уят кыла беришеби? Азырынча ичтен “ирий” башташса, анда жарылуу убактысы да келсе керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер