Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир аялдын тузагына кабылган күйөөм төрт баласынан баш тартты

Бир аялдын тузагына кабылган күйөөм төрт баласынан баш тартты

03-июнь, 14:16
1 172 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эх, турмуш, турмуш!.. Сен кандай татаалсың! Адамдын бүткүл өмүрүндөгү жыргалы менен кууралы, бактысы менен азабы, көргөн ачуусу менен таттуусу бир гана сага көз каранды белем! Жашоонун ак-кара сызыктары бешенеңе чийилип, адамзатты ар кандайча элеп-экчеп отуруп, алтын өмүрүнүн акырына да чыгарат окшойсуң...

Мен өзүмдүн кырк эки жылдык өмүрүмдө жогоруда айтканымдай күндөрдү, күндөрдү эле эмес, көз жашымды көлгө, көкүрөк дартымды селге айланткан жылдарды башыман өткөрдүм. Сөзүм түшүнүктүү болсун үчүн турмушумда көргөн азап-тозогумду окурмандар менен бөлүшкүм келди. Анткени менин башымдан өткөн окуялар башкаларга сабак болор деген ойдомун.

Мындан жыйырма беш жыл мурда эч нерседен капарсыз ойноп-күлгөн бактылуу студенттик күндөрүмдүн биринде тогуз-торолук Талгат аттуу жигит мени капысынан ала качып кетти. Ошондо эле тагдыр мени “ээрге кыйшык отургузганбы” деп көп ойлоном. Каныбызга сиңген “таш түшкөн жеринде оор” деген намыс сөз үчүн тагдырыма айласыз баш ийип, сүйүүсүз курулган турмушума моюн суна, көнүп жашап калдым.

Жаш үй-бүлө болуп удаа-удаа үч уул төрөдүм. Балдарыбыз жаш, өзүм мектепте мугалим болуп иштейм. Үйдүн бардык түйшүгү менин мойнумда. Турмуштун сыноолоруна бирде мокоп, бирде сынып, күндөр өтө берди. Күйөөм болсо иштебейт. Жашообуз тууралуу бир нерсе десем эле оозго алгыс сөздөр менен мени сөгүп, алтургай колу да тийип, өтө кыйналып кеттим. Төркүнүмө барып апама айтсам, “күйөөңдү тарбиялап ал” деп ажырашуума караманча каршы болуп, уруксат бербей койду. Айла канча, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, “балким оңолоор” деген илгери үмүткө жетеленип келдим. 

Ошентип 2006-жылы кичүү уулумду төрөдүм. Жаңы төрөгөн аялына, балдарына эч мээрими жок күйөөм үй тиричиликтеги оокаттарды бүт мага жасатып, жаш өткөн сайын тыйылабы десем, өзү бир мамлекеттик чоң иштерди жасап жүргөнсүп, дайын-дарегин айтпай көчөлөп кетип калчу болду. Көрсө, ошондо эле бир аялдын тузагына кабылып, кантип мени кетирерин билбей, болбогон жерден чыр чыгарып, урушун күчөтө бериптир. Ушинтип адам баштуу, эки аяктуу айбанга кор болуп жүрүп өтөмбү (?) деген суроо жүрөгүмдү эзет. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт” дегендей, менин ден соолугума уруш-талаштын, андан көргөн азап-тозоктун залакасы тийбей койгон жок.

Акыры турмуштан, айлана-чөйрөдөн көргөндөрүм менин көзүмдү ачып, мындай турмушка биротоло чекит коюуну чечтим. Балдарым деп ажырашууга бел байлабай жүрө берсем, балким, турмуштун мындан да трагедиялуу картинасын башыман кечирмектирмин, ким билет...

Роза, Жалал-Абад шаары

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер