Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызылча – эске тутууну жакшыртып, чачты кулпуртат, кан басымды түшүрөт

Кызылча – эске тутууну жакшыртып, чачты кулпуртат, кан басымды түшүрөт

09-апрель, 21:30
725 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

А, В1, В2, В6, В12, С, РР витаминдери, кант, кислоталар жана курамынан йод, калий, кальций, натрий, марганец, жез, темир сыяктуу баалуу заттарды өзүнө камтыган пайдалуу жана элдик медицинада кеңири колдонулуучу кызылчанын дагы кандай пайдалуу жактары бар?

Кызылчаны сүйүп жеген адамдардын жалпы портретине назар салсак

Ал акылдуу. Себеби кызылчада йод көп. Ал эми бул жемишсиз эске тутууну жакшыртуу, ой жүгүртүүнү жогорулатуу мүмкүн эмес.

 Анын чачы коюу. Кызылчаны жакшы көрүп жеген адамдардын чачы бат өсүп, коюуланып, жылтырап турат. Бул нерсеге кызылча кабыгынын астында көп өлчөмдөгү В витамини таасир этет.

Ал сымбаттуу. Кызылчанын курамында азот алмашуусун тездетип, ашыкча суюктукту чыгарып, кошумча салмактан арылтууга таасирин тийгизе турган өзгөчө заттар кездешет.

Кызылча кандай ооруга жардам берет?

Кан басым. Кызылча ширини кан басымды төмөндөтөт. Анын курамында көп өлчөмдө кездеше турган кальций бар болгондуктан, кызылча жүрөк ооруларынан жапа чеккендерге табылгыс дары.

Ич катуу. Кызылчадан жасалган даамдарды ич жүргүзө турган курал катары пайдаланса болот. Бирок кызылча ширинин пайдаланганда абайлаңыз! Натыйжасы сиз күткөндөн да артык болушу мүмкүн. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер