Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Байас Турал, тарыхчы: “Жазуучулар менен окумуштуулардын сөздөрүн саясатчылар уккусу да келишпейт”

Байас Турал, тарыхчы: “Жазуучулар менен окумуштуулардын сөздөрүн саясатчылар уккусу да келишпейт”

06-февраль, 19:30
587 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Уруучулук жанданса, ар кандай уюшуулар күчөп, бийликке жетүүнүн жолуна өтүшпөйбү?

-Библияда “жакыныңа жакын бол” дейт, ушундай сөз Куранда да бар. Мааниси: “Колуңдан келсе биринчи тууганына жардам бер. Кыргыздар “тууганыңды туу туткун дейт.

Уруучулук – тууганчылык. Тууганчылык – ынтымак. Ынтымак – биримдик. Биримдик – күч-кубат. Демек, уруучулук жаман нерсе эмес. Кыргыздын уруучулдугунда да мамлекеттик башкаруунун элементтери бар. Ошондуктан кыргыздар мамлекетсиз кезде да жок болгон эмес. Бизди уруучулдук жок кылбайт, партиялык система менен башкаруу түбүбүзгө жетет. Анткени, партия – мафиялык топ. Ал бир гана бийликти алуу максаты менен уюшулуп, түзүлөт. Партия бийликти алуу учун баардык каражаттарды колдонот. Негизинен элди алдайт. А бизде партиянын ролун үч канат аткарып келген. Эгер партия керек болсо, ушул үч канатты үч партия катары атап коюш керек. МисалыОң улус партиясы, Сол улус партиясы, Ички улус партиясы. Ушундай болгондо, эл бузулбайт эле. Анткени, Оң канаттын баласы Сол канатка кире албайт, же Сол канаттын баласы Ички улуска кире албайт. Азыр партиядан партияга эл оңой эле өтүп кетет. Алтургай бир эле адам эки-үч партияга мүчө болуп жүрөт. Партиялык система менен биз таза адамдардын эмес, шылуун адамдардын бийликке келишине шарт түзүп бердик. Натыйжада эл эки стандарт менен жашаганга үйрөндү. Элди саясатчылар бузуп келатышат. Жазуучулар менен окумуштуулардын сөздөрүн саясатчылар уккусу да келишпейт. Негизи уруучулук системаны заманбап кылып ордуна келтириш керек. Ошондо бийликке элдин мыктылары жана таза адамдар барышмак.

-Андай болсо, “жаман болсо да биздин уруулаштар кызматка келсин деп атып, парламенттик башкаруудай болуп кетпейби? Ошондой эле уруучулдук системаны ишке киргизсек, үй-бүлөлүк башкаруудан да жаман болуп кетсечи?

-Ошон үчүн курултай институту керек да. Курултай башкаруу системасын өзгөртөт. Эл жапатырмак хан бийлигин көзөмөлгө алганда, ал баласын да кызматка коё албайт. 

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер