Депутаттардан жабыркаган сойкулар. “Кара тизме” ачыкталабы?
Фейсбук колдонуучусу К.Ж. “Түнкү көпөлөктөрдүн” кайгылуу окуяларын бөлүшүп, белгилүү чиновниктер, депутаттар жана ишкерлер тарабынан уруп-сабоо жана бейбаштык жөнүндө окуялар жайгаштырылган атайын жабык сайт бар экендигин жазып чыкты.
Аталган сайтка “Кара тизмеге” кирип калган сойкулардын кардарларынын аты-жөнү жарыяланат.
“Аз адамдар билишет, бирок Кыргызстандагы сойкулардын кардарлары боюнча өзүнүн кара тизмеси бар. Биз кайгылуу окуялар менен бөлүшүп, акыбызды бербей, коркутуп-үркүткөндөр жөнүндө айтып беребиз. Алардын арасында Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары жана шайлоого аттанган талапкерлер бар. Бирок сайтта ар биринин жүзү (беттер) жашырылган”,- деп жазган Фейсбук колдонуучусу.
Посттун автору белгилегендей, белгилүү чиновниктер аны бир жолу муунтуп өлтүрүүгө аракет кылышкан. Кыз дароо эле кардарын “Бишкекте бир дагы кыз ага туш болуп калбасын” деп кара тизмеге киргизген.
“Жакында менин бир досумду “оорулуу” кардар ур-токмокко алып, андан кийин күч колдонуп зордуктады, ал үчүн эч нерсе болбоду, ал өтө “крутой” депутат экен, эми алдыдагы парламенттик шайлоого баратат. «Оозуңарды ачсаңар, баарыңарды токойго алып барып көмүп салабыз» дешти. Биз коркобуз, бирок ушундай улана берсе, биз алардын жүздөрүн жарыялап, бул талапкердин кандай жийиркеничтүү иштерди айтып беребиз”, - деп жазат Касымова.
Маалым болгондой, сайттын модераторлору менен онлайн режиминде маектешүүдөн өткөн кыздарга гана кардарларды талкуулоого уруксат берилет, ошондуктан бул окуяларды ушул чөйрөдө жүргөндөр гана жаза алышат.
Шайлоо алдында мындай билдирүүнүн жарыялангандыгы атайын уюштурулгандыгы толук ыктымал.
Elgezit.kg