Кайненем мени адам кылып, эл катарына кошту, эч убакта унутпайм


Баарыңар эле кайын-журтуңарды мактайсыңар, бул жагынан мен деле арта калбайын деп чечтим. Алтындай болгон кайненем жөнүндө айтып бербесем болбой калат. Ушундай адам бар экенин дүйнө жүзү билиши керек! 11 жашымда ата-энем ажырашып кетти. Атам үйлөнүп, апам күйөөгө тийгенден кийин эч кимге керегим жок болуп калды. Бир жыл таякемдикинде жашасам, экинчи жылы чоң атамдыкына барам дегендей... Ар кимдин кагуусун угуп жүрүп быштым. Башкаларга окшоп ата-эненин эмес, көчөнүн тарбиясын алдым.
Өзүмө окшогон жигиттер менен паркта дюшес ичип отурганбыз. Бир маалда ары жактан үч кыз келатканын көрдүк. «Давай, ким таанышат?» деп төш каккылай баштадык. Ал аңгыча тигилер жаныбыздан өтүп баратканда, бирөөсүнө дюшести чайкап туруп чачып жибердим. Кол чаап каткырып кирдик. Ошондо тиги кыз жаныма келип: «Чоң эле жигит экенсиз, уялбайсызбы! Мындай жүрүм-турумуңуз менен 10 жылдан кийин деле ушундай абалда калсаңыз таңгалбайм. Болочок балдарыңызга жана аялыңызга боорум ооруйт” деди. Жан-жөөкөрлөрүм «ва-ай, философ го» деп каткырып жатышты. А мен кызарып чыктым. Уялганымдан жерге кирип кетким келди. Тиги кыз жайбаракат басып кетти. Күн сайын паркка барып аны күтө баштадым. Туптуура эки айдан кийин, кыштын суук күндөрүнүн биринде өттү.
-- Мени таанып атасызбы?
-- Ооба, дюшес эсиме түштү.
-- Мага жардамыңыз керек?
-- Эмне жардам?
-- 10 жылдан кийин азыркыдай болуп калгым келбейт.
Жылмайып күлүп, «менин атым Зыядат» деди. Ошентип, экөөбүз таанышып, жылдызыбыз келишип калды...
Кайын-журтум башында мени жактырышпады. Кайнагаларым бетиме эле карындашын мага бербей турганын айтышты. Аларды жакшы түшүнөм. Туруктуу жумушу жок, көчөдө өскөн жигит кимге эле жаксын?
Акыркы чекитти кайненем койду. “Кызымдын тандоосун колдойм, көздөрүнөн мыкты күйөө болору көрүнүп турат, мен бул жигитке ишенем, батамды берем” деди. Кайненемдин үмүтүн актагым келди. Тытынып иштей баштадым. Ошол эле учурда окууга тапшырдым. Диплом жаза албай ыйлаган күндөрүмдү азыр жылмаюу менен эстейм. Үй салдым, машина алдым. Чөйрөмдү толугу менен алмаштырдым. Мени артка тарткан эмес, өстүрө турган адамдар менен мамиле кура баштадым. Күй сайын кайненеме чалып сүйлөшөм. Кеңеш айтып, дем күч берип турат. Ар дайым менден мыкты адам чыга турганын эскертет. Колум бошосо эле майда-чүйдөлөрүмдү көтөрүп алып үйүнө жөнөйм. «Уулум, келдиңби?» деп тосуп чыкса, жүрөгүм элжирейт. Жылдап издеп жүргөн эне мээримин кайненемден таптым. Кайненем силердин гезитти окуйт. Ошон үчүн ага бир нерсе айтып коёюн: “Апоу, мен сизди жакшы көрөм! Менин адам болорума ишенгениңиз үчүн чоң рахмат! Сиз жана кызыңыз экөөңөр болбосоңор, мен көчөдө калмакмын. Мен сиз сыймыктана турган күйөө бала болом. Мен багынтчу ийгиликтер али алдыда. Бирок, азыр эле айтып коёюн, алардын баарын сизге арнайм!”.
Айданбек
"Азия Ньюс" гезити











