Акыркы кабарлар
» Саясат » Шайырбек Ташиевден кийин Талант Мамытовго жармаштыбы? Баракелде Рустамбек уулу Советбек!
Шайырбек Ташиевден кийин Талант Мамытовго жармаштыбы? Баракелде Рустамбек уулу Советбек!
02-март, 12:45


Шайлоо жарышынан кийин утуп келген депутаттар парламенттин жыйындар залынан орун алышат эмеспи. Рустамбек уулу Советбек атайын суранып, Шайырбек Ташиевдин жанына отуруу үчүн ашыкканбы? Бул боюнча тар чөйрөдө бүйүр кызыган чак. Атаңдын көрү, оомал-төкмөл замана тура. Кечээ эле Шайырбекке жакындай албай жүрсө, эми андан жаа бою качып, “серый кардинал” Талант Мамытовдун тобуна жармашып, жүз кубулдубу? Позицияны тактоо үчүн түз суроо. Дөөлөт тоголок, оомат оошот эмеспи. Эртең Рустамбек уулу Советбек кайсы тарапка секирет болду экен? Саясаттын таасири убактылуу күйүп-жанат. Ал эми адам катары калыптануу кыйынга турарын карачы...











