Кыргыз прозасындагы Чыңгызхан: автордук көз караштар

(Уландысы. Башы өткөн санда)
Романдын бүткүл "тулку-боюн" жан-жаныбардын кыр аркасындай кармап, автордун көркөм-эстетикалык жана "тарыхый" концепциясын ачыктай турган Бактыгерей Избасаров менен Чыңгызхандын (арбагынын) образдары тең чамал болбосо да, реалдуулук деңгээли боюнча кыйла ынанымдуу иштелген дей туруп, автордун бир катар жаза басуулары же талаштуу көз караштары тууралуу өзүнчө узагыраак сөз кылууга туура келет. Себеби, көп катмарлуу көркөм-тарыхый материал ушуну талап этип турат. Романдын өзүнө да ушул эки каармандын ысымы бекеринен берилген эмес. Үшкүрүктөрү таш жарып, муңканып-өкүнгөндөн, кейип-кепчигенден башка сапаттары анчейин көрүнө бербеген бул кейипкерлер жогоруда айтылгандай, окурмандын көкүрөгүнөн орун таап, аны өздөрүнө тартып, Ч.Айтматовдун Баласы менен Эдигейиндей, Т.Касымбековдун Нүзүбү менен Сарыбайындай өзүнө санаалаш, пикирлеш кылып, түйшөлтө алдыбы-жокпу, кеп ушунда. Көркөм образдын нукура табияты ачык декларация кылынбай, баскан-турганы, иши-сөзү, ой-санаасы менен далилденген сапаттары аркылуу бааланып-өлчөнөт, ушул сапаттар ага "чыгармадан чыгып", кадимки рухий-маданий жашоо-тириликке аралашып кетүүгө жолдомо берет. Аталган сапаттар, ал каарман оңбу, терс болобу, ага объективдүү түрдө сиңирилбесе, канчалык макталса да, жектелсе да тийешелүү натыйжа бербейт. Ушундай өңүттөн алганда өзүнүн да, ата-тегинин да турмуштан жолу болбогон Бактыгерей Избасаров (атактуу адамдын урпагы катары анын изин улаган, бак даарыган адам болуш керек эле деген маани жатат каармандын аты-жөнүндө) “Ташкентке качып келип туруп калган казакмын” дегени менен дилинде Чыңгызхандын урпагы болгондуктан өзүн кай жерде болбосун "төрөлүк" кылчу төбөлдөрдүн катарына кошот. Анын ким экендигин жана өзүнүн (монголдордун) "даңазалуу тарыхын" ага алагүү болуп турганда жолуккан Чыңгызхандын арбагы айтып берип, аны Избасар бир нече көк дептерге түшүрүп, анан кара басып, аларды качан, кантип жоготконун билбей эңги-деңги болот. Ал дептерлердин чала-чарпыт бөлүгү КГБнын колуна түшүп, ага жашыруун (секретный) бөлүмдө 1227 деген номер коюлат. Бул жөн номер эмес. 1227 – Чыңгызхандын өлгөн жылы. Ошентип, ызы-чуу башталат да, окуя дептерлердин жоголгон барактарын табууга байланыштуу түркүн кызматкерлердин (партиялык функционерлер, КГБ кызматкерлери ж.б.) жаналакетке түшүүсүн баяндоо менен өрүш алат. Ал ортодо Чыңгызхандын арбагы түркүн социалдык топтогу өз урпактарын көрөт, бир даары менен "жолугуп", алардын тагдырына байкоо салып, пенделик жүздөрүнө күбө болот да, бирок өзү сындуу, татыктуу бир жанды таппай, үмүтү акталбай кейишке батат, сыздайт, муңканат.
Кыскасы, тагдыр буюруп, Чыңгызхандын арбагынын симпатиясы менен бул "одиссеянын" баштоочусу жана баштан-аяк алып жүрүүчүсү болуп калган Избасардын маңдайына бак бүтүшү керек эле. Бирок андай болбоду. “Ага ким күнөөлүү?” деген соболго ачык жооп айтылбаганы менен автордун көз карашында советтик тоталитардык система айыпка жыгылып, билбеген адам “ал өлкөдө дегеле бактылуу адамдар сейрек болсо керек” деген бүтүмгө келери анык. Сайчы уул сындуу карапайым турмуш кечирген бирин-серин адамдарды эске албаганда, көбү кошоматчы жана коркок, мансапкор, кайдыгер болушса да, колунан иш келбеген, кандайдыр жакшы иш жасаганга дарамети жетпеген, дегеле эч кимге пайда-батасы жок, Чыңгызхандын урпагы болгон үчүн гана Бактыгерей урмат-сыйга татыктуу деген кыйытма ойго кошулуу кыйын. Анын кейиштүү тагдыры да буга негиз болуп бербейт. Бул жагынан алганда, аны илгери-кийин боло келген (азыр да толтура) тентимиш адамдардын же "жамандан жаан, жакшыдан мөөн" туулгандардын кийинкисинин типтүү өкүлү десек жарашат. Ал бакшы деле эмес, бакшылыктын анда илеби да жок. Автор менен Чыңгызхандын арбагы эмне үчүн аны күчкө салып бакшылыкты мойнуна жүктөп койгону да өзүнчө суроо. Ошентип согушта туткунга түшүп, душманга ак кызмат өтөп келгени үчүн мыйзамдуу түрдө он жыл түрмөдө отуруп келген, Чыңгызхандын урпагы болгон үчүн эмес, өзүнүн жаза басууларынын натыйжасында коколой башы калып, ичип кеткен Бактыгерей идеалдуу каарман эмес. Аны улуу адамдын урпагы катары "жакшы көрсөтүү", аяп-ардактоо аракети күчтүү болсо да, Избасар окурмандын симпатиясын чакырууга жарамсыз болуп чыгып, Чыңгызхандын арбагын көркөм-тарыхый "аренага" алып чыгуу үчүн гана керектүү персонаж абалында калат. Ушул эле ойду эгер образ катары караш керек болсо, Чыңгызхандын арбагы тууралуу айтууга болот. Анда пенделик да, бийик даражага көтөргөн хандык парасат да байкалбайт. Бактыгерей сындуу ал да кейип-кепчип, сай-сөөгү сыздап, өзү салган "улуу жолду" сактап уланта албаган урпактарын, ага шарт түзбөгөн заманды каргап-шилеп жүргөн бир көрпенде абалында көз алдыбызга тартылат. “Ал эмне деген улуу иштерди жасады? Кылган иштеринин баары чын эле таза, адилет жана жалпы адамзат үчүн пайдалуу, керектүү беле?” деген суроолорго окурман романдан оң да, терс да жооп таба албайт. Ал үчүн окурман Чыңгызхандын жана ошол доордун тарыхын, алардын түркүн түшүндүрмөлөрү камтылган толгон илимий, көркөм адабияттарды окуп чыгып, ал билим-маалыматын романда сүрөттөлгөн окуяларга салыштырып, бир жыйынтыкка келүүсү зарыл. Антпесе, ал көп нерсени түшүнбөй калат. Бул жерде автор "Чыңгызхан тарыхын бүт дүйнө билет, аны билбеген кыргыз деле жок болуш керек" деген ойго жетеленип, маселенин ушул жагын унутта калтырган өңдөнөт. Болбосо, элдин көбү атын укканы менен Чыңгызхан тарыхын ийне-жибине чейин билбей турганы маалым эле иш да. Билгендеринин көбү аны жөө жомокко айлантып алышканы да белгилүү.
Чыгарманы окуган адамдын алдында ошентип адегенде эле "Чыңгызхан ким?" деген үнсүз суроо коюлат да, ал аны өз алдынча аңдап-билүү аракетин көрөт. Себеби, анын бүтүндөй өмүр таржымалы болбосо да, жасаган оңду-солду жана "өзгөчө баалуу", "негизги" иштери тууралуу азыноолак маалыматтардын кайсы бир формадагы жана көлөмдөгү көркөм баяны романда болуш керек эле. Иш жүзүндө чыгармада улуу иштерди жасап, адамзатты (анын ичинде өзгөчө өз тукумдарын) туура жолго салганы, анын арбагынын өзү тарабынан ачык да, кыйытылып да айтыла берет. Бирок кайсы жана кандай улуу "жол" экени бүдөмүк. Арбак: "Мен көрсөткөн жолдо баардык суроонун жообу камтылган болучу" деп атпайбы (2, 291-б.). Ага чейин: "Менин жолумду чанышты. Силер чандыңар" деп Николай Аблеухов болуп калган (нак ысмы Абылай-Укуп) өз урпагына айып койгон болчу. Автордун драматизмге сугарылган далай окуяларды элестүү, жугумдуу жана таасирдүү баян эткенден кийинки айтайын деген оюнун ток этер жери, өзөктүү каарманга карай көз карашы да ушундай. Биздин баамыбызда ал "Чыңгызхан баарын туура кылган, анын өзү да, ал орноткон коомдук түзүлүш да идеалдуу, мыкты болчу" дегендей өзү бекем ишенген ушул көз карашты романдын негизги лейтмотиви кылып алат. Концепция ушундай: "Адамзат Чыңгызхан чапкан жол менен кетсе, дүйнө бузулмак эмес, баары сонун, баары шайма-шай болмок". Бирок иш жүзүндө Чыңгызхандын арбагы жалпы адамзаттын эмес, бүт дүйнөнү өзү сымал мыкчый кармап тура албаган, көртирликтен баштары чыкпай тил безер, дин безер, дил безер болгон, саткын, кошоматчы, дүнүйөкор, өзүмчүл, мерез, мансапкор болгон, ынтымагы таптаза ыдыраган, кедери кетип, майдаланган, орус, казак, өзбек (ж.б.) болуп кетишкен, атактуу жана эч ким эч нерсе алмаштыргыс ата-тегин (демек, аны – Чыңгызханды) унуткан өз урпактарына гана тынчы кетип, үшкүрүнүп отурат. Аны адамзаттын, "төрө" аталган монголдор тобунан башка элдердин тагдыры, "курсагы ашка тойбогон" жана төрө эмес ошол эле караламан монгол калкынын абалы кызыктырбайт. Ал болгону: "...эгерим тынчтык көрө элек дүрбөлөңдүү дүйнөнү дүрбөлөңдөн түбөлүккө арылтып, адам баласын акыр заман күнүнө дейре тынчылыкка бөлөп койдум деп жүрсөм, атаңгөрү-ү, ошон үчүн төгөрөктү төп ченеп, төрт уулума тең бөлгөмүн да баш-аягы жок башаламан дүйнөнү баштуу ордого бириктиргем деп жүрсөм..." (2, 305-б.) деген көз кайкыгандай бийик, бирок өзүнө жана өз тукумдарына гана (төрт уулуна) артыкчылык берген, ашкере өзүмчүл жашоо программасына чексиз ишенип алып, анысы не себептен кыйраганына көзү жетпей кыйналат. Кыйроонун тамыры өзү орноткон социалдык теңсиздикте жатканы, бирөөлөрү түбөлүк жыргап, экинчилери түбөлүк куурай турган, бирөөлөрүндө баары бар, экинчилеринде эчтеке жок заманда эч качан тынчтык болбой турганы, ушундай шартта адамдардын баарынын пейилдери апакай болуп кетпеси анын оюна да келбейт. Ал аңгыча чыгарманын көп жеринде ошондой деградациялык процесске, өз урпактарында өрүш алып кеткен терс, көңүл айнытарлык жорук-жосундарга, сапат-көрүнүштөргө Чыңгызхан өзү негиз салганы айкын болуп калат. Ал көзү тирүүсүндө эле өз балдарынын бирин өйдө, бирин төмөн коюп, байбиче-токолдон же никесиз туулгандарынын коомдогу ордун ошого жараша аныктап койгону, бийлик үчүн бир туугандарын, досторун өлүмгө кыйганы, жакындарын, атүгүл өзүнүн бийликке келишине эбегейсиз салым кошкондорду да ырайымсыз жазалаганы, өзгөчө ташбоордугу романда текши айтылбайт да, айрым учурлары гана окуянын логикасына жараша аргасыз эскерилет. "Аргасыз" эскерилет дегенибиздин да жүйөсү бар, антпесе болбойт. Автор анын алгылыксыз, ырайымсыз иштерин сыдырып айткысы келбейт, бирок кээ бир учурларды сыпаа эске алууга мажбур болот. Антпесе ишенимсиз болуп калат да, бул тарыхый баяндын "кабыргасы сөгүлүп" түшөт. Өз урпактарынын бири, образы айрыкча таасирдүү чыккан Сайчы уул Чыңгызхандын арбагына: "Үч уулуна (уулуңузга болсо керек – К.А.) бөтөнчө арнап өргөө тиктирип, бөлүп журтка улук көтөрдүңүз да, токолдон туулган бөлөк уулдарынын укум-тукумун "Жай Жоочу, жаман Жоочу" атыктырдыңыз ". Бөөдөсүндүңүз, ата! Алигүнчө арылбаган бактысыздыкты башыбызга үйдүңүз" (2, 309) деп бетке чапкандай оор айып-сөздөрүн айтканда да, "Аның ырас" дей салып, кайра "Жок, жок. Андай эмес карагым. Аларбы? Алар саткын чыкты! Керээтимен жаңылыпмын! Керээтимен жаңылыпмын, кагылайын" деп кутулат (2, 310-б.) Хандын арбагы ошентип Сайчы уул чекеге чапкандай ачык койгон айыпты (урпактары "алигүнчө арылбаган бактысыздыктын" чоо-жайы да айтылбайт – К.А.) моюндаганга, урпактарынын моралдык-нравалык деградациясынын себептерин өзүнө оодарууга эрки жетпейт. Башканы кой, өз балдарын ала-була көргөн Чыңгызхан өзүн сындоодон тышкары, бийик коёт. Мунун өзү анын образына жагымдуу боёкторду сүртө койбойт. Анын өзгөчө пропаганда кылынган айкөлдүгү, чынчылдыгы, калыстыгы, көрөгөчтүгү, колбашчылык таланттуулугу жер менен жексен кылынган миңдеген айыл, шаарлардын, кыргын кылынган эсепсиз, бейкүнөө элдердин, адамдардын кунунан артык беле (?) деген суроо коюлбаган бул романда темирдей тартип орнотуп, өз урпактарын баардыгынан бийик, кол тийбес даражага жеткирген ошол каар заманды сагынуу, ага болгон ностальгия алдыңкы планда турат. Роман так ушул максат-ниет менен жазылган сыяктанат, бирок таланттуулук менен жазылганы да чын. Даңазалуу колбашчы, дүйнөдөгү эбегейсиз империянын түзүүчүсү, эсепсиз майда жана чоң хандыктарды, элдерди тыптыйпыл кылган Чыңгызхан кантип адамзаттын баардык көйгөйүн чечкен, идеалдуу коомго негиз салып койгон? Романда ушундай кыйытма ой бар, бирок анын жообу жок болуп, автор бул чатак суроону айланып өтүүгө катуу аракет кылат. Бүткүл адамзатты "туптуура жолго салдым" деген ишеничи кыйрап, түбөлүктүү деген ой-мүдөөлөрү бузулуп, болгондо да өз урпактары тарабынан чакчелекей кылынып, алар бирин-бири кырып отурса, ата-тегинин "улуу" иштерин унутуп, маңкурт болуп турса, Чыңгызхан арман кылбаганда ким кылмак эле?! Бирок анын арман-муңу окурманга жете бербейт, анткени анын сөздүн нака оң маанисиндеги улуу адам экени чыгармада далилденбейт да, натыйжада ал арман тар чөйрөнүн, өз кызыкчылыгын гана ойлогон топтун, айрыкча өзүмчүл адамдардын (Чыңгызхан менен кейиштүү өз тагдырына коомдук системаны айыптаган Избасардын) арманы катары кабылданат. Албетте, аны жалпылай салып ар ким өзүнө, жалпы элге, бүткүл адамзатка карата айтылып, маңкурттукту айыптап жатат деп актап, колдонууга болот, бирок анын романдагы даректүү мотивациясы жана көркөм негиздемеси бошоң же дээрлик жок. Чыңгызхандын улуулугу, улуу иштери тууралуу идея ошентип курулай сөз, ичтеги бош декларация боюнча калат. Ал эми арман, айтылгандай, эч кимге пайда-батасы жок, улуу инсандын урпагы болгон үчүн гана төрө болууга укуктуу Бактыгерейдин жана аларды калкалап, элди (окурманды) ушуга ишендирүүгө жан үрөгөн автордун да арманы болуп чыгат. Натыйжада бул үчөөнүн муң-арманы окурман бөлүшкүдөй, тилектеш болгудай даражага жетпей, аны ынандыра албай турат. Мына ушул жагдайды, романдын башкы пафосу катары ынанымдуу жана терең реализацияланбай калган өзөктүү идеяны (автордун өздүк концепциясын) эске албаганда, роман мыкты жазылган дегеним да ушундан. Анда колориттүү образдардын бүтүндөй бир галереясы, доордун илеби согуп турган элестүү картиналар, ойго салчу, сезим-туюмду козгоп, түйшөлтө турган картиналар, таасирдүү образдар бар. Масштабдуу ой калчай билген калемгер, жашоо-тирликтин, тарыхтын (өтмүш доордун) оомал-төкмөл жактарын, адамдар тагдырындагы чиеленген зарылдык менен кокустуктарды өзү көрүп тургандай, айрыкча монголдордун турмуш-тирлигин өзү күбө болгондой, өзү аралашып жүргөндөй элестип, аларды ошондой эле жугумдуу-образдуу бере алат, анын баарын кан-жанынан чыгара билет.
А.Койчиев ошондой, дээринен, табиятынан нукура сүрөткер экендиги анык. Таза мистикалык, эзотерикалык сюжетке негизделип, кайсы бир деңгээлде М.Булгаковдун "Мастер менен Маргарита" романын эске салган (Маселен, Воланддын келиши, ж.б.) "Бакшы менен Чыңгызхан" бизди буга толук ынандырат (романдын нарктуу жактары, образдар системасынын оригиналдуулугу, стилдин жугумдуулугу жана ошол эле учурда кээ бир тилдик алешемдиктер, ж.б. арбын маселелер тууралуу узак сөздү кийинкиге калтыра туралы – К.А.). Бирок каалайбызбы-жокпу, жагабы-жакпайбы, романдын өзөктүү идеясын Чыңгызхандын заманына жана анын өзүнө, ал орноткон коомдук жана граждандык мамилелер дооруна болгон сагыныч-ностальгия түзөт (муну адабиятчы Г.Эмил да белгилеп, бирок башкачараак түшүндүрүүгө аракет жасаптыр – К.А.). Мындай концепция боюнча Чыңгызхандан кийинки доорлор, адамдар коому бузулган, нарк-насилин жоготкон учур болуп эсептелет. Бул айрыкча советтик мезгилге тийешелүү. Автор муну кадам сайын далилдөө аракетин көрөт, окурманды ушуга ишендирүү ниетинен бир саам тайбай, натыйжада эзелки жана кечээки турмуштун жалаң көлөкө жактарын сүрөттөөгө берилип кеткенин өзү да байкабай калат. Жарыгы дээрлик жок турмуш аны жетелеп кеткендей көрүнөт.
Ошентип Чыңгызхандын доорунда эле башталган коомдук жана инсандык "регресстин" башаттарын таланттуу жазуучу А.Койчиев ушундайча трактовка кылат. Бирок мунун өзү “бул тема иштелип бүттү, аягына чыгарылды, тигил же бул жазуучунун концепциясы туптуура же такыр туура эмес” дегендикке жатпайт. Эгер коомго зыяндуу идеяны тутунбаса, чыгармачылык өзгөчө позициясы үчүн авторду мактоо же жектөө орунсуз иш. Ар кимдин өз чындыгы бар дегендей, балким, Чыңгызхандын жана анын өзүнө окшош турпаттагы мураскерлеринин мүдөөлөрүнүн ишке ашпай, тилектеринин ташкабышын, кыскасы, даңазалуу императордук династия түптөгөн коомдун кыйроо себептерин бир топ калемгерлерде алардын атагы таш жарып, дүйнөнүн жарымын чеңгелдеп турган кезинен, ошондо эле туура эмес жасалган иштерден издеп көрүү зарылдыгы келип чыккандыгынан да көрсөк болот. Кыргыз прозасында мындай аракеттер да боло келген.
Курманбек Абакиров, профессор
"Азия Ньюс" гезити