Мирлан Орозбаев: “Ош шаардык кеңешине болгон шайлоо жокко чыксын”


11-апрель жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоолор болуп, кээ бир саясый партиялар “шайлоону тааныбайбыз” деп тынчтык митингине чыгышты. Алсак, Ош шаарында “Улуу Журт” саясый партиясынын лидери Мирлан Орозбаев шайлоо таза өтпөгөнүн, админресурс колдонулганы тууралуу айтып берди.
-- Мирлан, Ош шаардык кеңешине шайлоо таза өттүбү?
-- Шайлоо таза өткөн жок. Бу жолу элибизден “шайлоо – бул майрам. Өз ыкласыбыз менен жактырган партиябызды тандайбыз!” деп келдиби дегем. Андайды байкаганым жок. Баягы эле таз кейпибизден арыла албай аткандайбыз. Анткени, акчага сатып алган партия өз элин койдой айдап келип, шайлоо участкаларына добуш бердирди. Эски система дале өзүнүн булганыч саясатын жүргүзүп койду. Элдин ишеними таш капты. Биз бул боюнча бир нече партия коомчулукка билдирүү кылуу максатында тийешелүү жерге кайрылып, тынчтык митингине да чыктык.
-- Административдик ресурс колдонулдубу?
-- Колдонулду, муну мен так кесе эле айта алам. “Бийликтин партиясы” десе эле домкомдор, квартальныйлар өздөрүнчө бүжүрөп, эл коркуп, “анда колдойлу” деп калышат экен. Ушундай жат нерсени көрүп туруп, биз унчукпай коё албайбыз. Бир нече талап коюп атабыз. Биринчиси, Ош шаардык кеңешине болгон шайлоо жокко чыксын. Мыйзамды бузган партиялар кийинки шайлоого катышпасын. Кайтадан шайлоо учурунда Ош шаарынын бийлик бутагында отургандар убактылуу эс алууга чыгып, “от шефа добро получили” деген шайлоо болбосун. Эл өзүлөрү шайлоо өткөзүп алсын.
-- Эми эмне кыласыңар?
-- Эмне кылмак элек, арыз жазабыз. Бишкекке кайрылабыз. “Улуу Журт” партиясы эле эмес, бу жерде бир топ партиялар бирдиктүү иш аракетибизди кылып, шайлоочулардын, алардын добуштарын коргоо амалын укуктук талаада чечүүгө болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Анүчүн билимим, тажрыйбам жетиштүү.
-- Эгерде такыр эле болбой калсачы?
-- Асманда Кудай бар экенин унутушпасын. Жараткан бат эле өз ордуна коюп коёт. Теңдейт. Андайдын далайын көрбөдүкпү. Алыска кетпейли, өткөн күздөгү парламенттик шайлоо эмне болду? Эгер ошол кайталанбасын десе, эстерине келсин. Кыргызда “Эсиң барда этегиңди жап” деген сөз бар!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











