Султан Каназаров: “Преференциалдык система өзүнүн артыкчылыктарын көрсөтүшү мүмкүн”
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант беришти. №30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланган Акбөкөн Таштанбеков гана катышкан жок. Аны УКМК "Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыптап, камакка алган.
Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи Май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.
-- Жетинчи чакырылыштын курамы келип, бүгүн өздөрүн тааныштырып, ант беришти. Бул курам үмүт отун жандырып жатабы? Жаңы парламент кандай иштеп кетет?
-- Жаңы парламенттин курамы, албетте, эл тарабынан шайланып келди. Бизге алар жагабы-жакпайбы, элдин тандоосун сыйлашыбыз керек. Жылдан жылга парламенттин ишмердүүлүгү жакшырат, үмүтүбүз бар. Менимче, түзүк эле курам келди. Өткөнкү чакырылыштан начар болуп калды (!) деп эсептебейм. Эң кызыгы, бир мандаттуу округдан келген депутаттар парламентке жаңы дем берет го. Алар партиялык тизме менен келген жок. Элдин түз тандоосу менен мандаттарга ээ болушту. Канткенде дагы преференциалдык система өзүнүн артыкчылыктарын көрсөтүшү мүмкүн.
Азыр эми жыл жаңырар алдында жакшы тилектерди тилеп, “алгылыктуу өзгөрөбүз” деген чоң ишеничте турабыз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити