Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биздин өлкө Орхан Инанды үчүн кандай кадам жасаса болот?

Биздин өлкө Орхан Инанды үчүн кандай кадам жасаса болот?

13-июль, 13:07
1 643 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Биздин өлкө Орхан Инанды үчүн кандай кадам жасаса болот? Анын мындан аркы тагдыры кантет? Үй-бүлөсүнүн эртеңи кандай болот?” деген суроолор менен эксперттерге кайрылдык. 

Талант Кушчубеков, эл аралык мамилелер боюнча эксперт:

-- Эч кандай жардам бере албайбыз. Себеби ал түрк элинин да жараны. Эгер биздин эле жаран болсо, мыйзамга таянып аракет жасасак болмок. “Болду, бул биздин жаран, өзүбүздүн мыйзамга жараша жазалап алабыз” дешет. Талашып да эч нерсе дей албайбыз. Алар үй-бүлөсүнө тийишпейт. “Бул жакта жашай беребиз” дешсе жашай беришет. Алар деле Түркиянын жараны. “Баласы атасы үчүн жооп бербейт” деген кеп бар да. Баардык азап өз мойнунда. 

Сейтек Качкынбай, саясатчы:

-- Оңой эле чыгып кетет деп ойлобойбуз. Аябай оор азыр. Эрдоган өзү “өзгөчө операция менен алып келип алдым” деп мактанды. Ошого караганда, бул кыргыз өкмөтү менен да келишип иш кылганы анык болуп жатат. Ошондуктан кыргыз өкмөтү менен макулдашып алып келип, кайра коё берүү мүмкүн эмес. Ошол эле учурда башка нерсени айта алабыз. Азыркы лицейде окуп жаткандар, ага тийешеси бар, лицейге жакшы пикирлери барлар жаманбы-жакшыбы кыргыз коомунда орду чоң. Ошон үчүн бийлик чукул арада билдирүү кылып, “биз аракет кылып жатабыз, бирок колубуздан келбей жатат” деп элди ынандырышы керек. 

Эми акыркы эң чоң маселе – “атуулдук улут” деген эң маанилүү маселе экени дагы бир жолу далилденди. Кайсы бир этникалык чөп жөнүндө эмес, кыргыз атуулу тууралуу сөз болуп жатат да. Кыргыз мамлекетинин биринчи функциясы – өз атуулдарына кам көрүп, биринчи кезекте алардын коопсуздугун камсыздап берүү. Бул жерде атуулдук аң-сезимди коргоого болгон азыркы бийликтин мамилесин көрдүк. Мунун артында чоң маселе жатат. Үй-бүлөсүнүн башынан сылап бийлик жакшы мамиле көрсөтүп коюшу мүмкүн, бирок бул башкы маселени чечпейт. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер