Бишкек ШИИБ башчылыгына Улан Султановдун амбициясы ойгонууда...
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын жетектеген Улан Султанов милициянын элитасы катары сыпатталып, өзүн жасалма түрдө көтөрмөлөп жүрөт. Байлыгына таянып. Кызыгы, Бишкек ШИИБ башчылыгына чуркаган кербези экен. Албетте, тымызын түрдө. Ал эми өздүк курамына келсек, интрига, бири-бирин чукушмай күчөп, жалпы моралдык климат начарлап кеткени ыраспы? Бул боюнча көптөгөн ашыкча, ыңгайсыздык жараткан кептер бизге чейин жетүүдө. Чын-бышыгын тактоого аракет кылмакчыбыз. Натыйжада, Улан Султанов жетектеген кызматты байкоого алып, ички коллективине карата атмосфераны талдоо мезгили келди окшойт. Ишин тыңгылыктуу эптей албай, бирок амбициясы ашынган бул кадр Бишкек ШИИБге келсе, ишенимди “Хасбиктен” (Азамат Токтоналиев) жогору аткара албайт го? Андыктан, “жети өлчөп, бир кесип”, профессионалды айланып келип эле Сары Өзөндүн нак ортосундагы милициядан таап чыксак куп жарашчудай...
"Азия Ньюс" гезити