Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирлан темингенде, же байларга каршы күрөш...

Темирлан темингенде, же байларга каршы күрөш...

14-ноябрь, 20:30
1 571 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Социал-демократтардын” лидери Темирлан Султанбеков атка мыктап минип, демдүү теминип чыккандай эле образ жаратууда. Буга чейин Бишкек шаардык мэрияны каалагандай калчашып, байып келишкен Азиз Суракматов (баласы Айдар талапкер), Куванычбек Конгантев сыяктуу көпөстөрдүн айыбын чукуганы коомчулукка жакты. Темирлан мырза айткан миллиондорду, жер баскынчылыкты тергөөгө алып, орган кызматкерлери иликтесе, көптөгөн күркүлдөр камалышат беле? “Кол ийрисине тартышса” кеп башка. Ошол эле байлардан куралган “Жаңы күчтү” Куванычбек Конгантиев жетектесе, катарында Жаныбек Абиров, Алымбек Бактыбеков ж.б. “Адилет” партиясын Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек Самаков, Элдар Сулайманов сүрөп атыптыр. “Эмгек”, “Ынтымак” партияларында да чиновниктердин, байлардын балдары толуп алышканы жалганбы? Үсөн Сыдыковдон калган “Жаңы Кыргызстан” партиясы дээрлик аймактарда жергиликтүү кеңештерге атсалышууда. Айтор, сүрмө топто баратышкандарды санай берсек арбын. Мына ушуларга Темирлан Султанбеков “Социал-демократтар” партиясы менен каршы туруп, айыгышкан күрөш салууда. Айтмакчы, кечээ кечинде офисине күч органдары тарабынан тинтүү жүргүзүлүп жатканы да кабарланды... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер