Акыркы кабарлар
22:22
» Коом » Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “АКШ аныгында Иранды коркута алган жок”
Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “АКШ аныгында Иранды коркута алган жок”
06-июль, 17:21

-- Израиль менен Ирандын куралдуу кармашынан кайсы тарабы утту?
-- Бул согушта Иран утту, шериктештеринин колдоосу, РФ, КНР жана дүйнөлүк колдоочулар менен. Бул соккуларга Иран алдын ала коргонуу даярдыгын көрүп койгон. Израиль Ирандын катуу ракеталык соккусунан чыдабай АКШга кайрылып, тынчтык келишимге келип, согушту токтотууга мажбур болушту.
-- АКШ натыйжада Иранга бомба таштады, оор соккулардан соң кандай баа беребиз?
-- АКШ аныгында Иранды коркута алган жок. Иран катуу айыгышып атат. Трампка каршы Израилди колдогондор чыгууда. Иранга Израиль мурункудай чабуул кыла албайт. Демек, Иранда күч бар, аны колдогондор чоң державалар экени аларды кыжаалат кылды. Ошон үчүн тынчтык келишимге келишти.
"Азия Ньюс" гезити