Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлүп тирилген аял тиги дүйнөнү кандай сүрөттөгөн?..

Өлүп тирилген аял тиги дүйнөнү кандай сүрөттөгөн?..

22-январь, 13:37
2 252 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аял жүрөгү токтоп калган секунддарда аркы дүйнөгө барып келгенин айтып берген. Бул тууралуу Express агентиги жазып чыкты.

Энн У аттуу аял покер боюнча турнирге катышып жаткан учурда өзүн жаман сезген. Ал жактан келгенден кийин диванда отурган жеринен көзү илинип кетет. Түшүндө жаркыраган жайга туш болуп, дөңсөөдө кайчылаш жыгачта кагылган Ыйсаны көрөт. Анын мык кирген колдорунун оорусун өзүнөн сезет. Чочуп ойгонуп кеткен. Дене бою кара терге чыланган, жүрөгү элеп-желеп болуп согуп калыптыр.

“Бир кезде көкүрөгүм катуу ооруп баштады. Түштөн улам туйлаган жүрөгүм кабынан ыргып кетчүдөй болду”-дейт Энн. Ошол убакыттарда Энн жүрөгү токтой түшөт.

“Мен күтүүсүздөн денемди таштап, абага уча баштадым. Мени бакыттын толкуну каптап, жандүйнөмдү тынчтык чулгап турду. Белгисиз тараптарга уча баштадым. Бир кезде мени артка бир нерсе тартып алды. Денемде болуп калдым. Кайра абага калкып чыктым. Алакандын каты чабылган үнү кулагыма угулду да денеме кайтып бардым. Ошол учурда “Мен тирүүмүн”-деп кыйкырдым”-дейт Энн.

Кийин Энндин өлүп тирилген учурун өлүп тирилгендерди изилдөөчү фонд жаздырып алган.

Алардын жыйынтыгында, жаркыраган ачык түш бул өлөр алдындагы адамдын мээсинин жигердүүлүгү дешкен.


Аргумент

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер