Күйөөмдүн ала качып кеткенине азыр өкүнөм
Мени ичимден сыгып жүргөн нерсе менен бөлүшкүм келди. Мүмкүн болсо туура түшүнүп, кеңеш берип коюңуздарчы?Турмушка чыкканыма эки жыл болот. Ала качып алган, бирок жолдошум жакшы. Башында тийгениме өкүнчү эмесмин, а азыр болсо аябай өкүнөм. Мага мамилеси жакшы эле, урбайт, сөкпөйт, бирок биз менен чогуу жашабайт (жумушуна байланыштуу),келсе балабызды каралашпайт. Эки жылдан бери үй-бүлө сыягы жок ушунтип жашап келебиз. Кыйынчылыкта, жакшылыкта да, жадагалса төрөгөндө да жанымда болгон жок. Катташ жок, той,конок деген такыр жок. Үйдө отуруп буулугуп кеттим. Бирнерсе болсо келин күнөөлү болот экен. Кээде кайнатам, кайненем деле жактырбай сүйлөнүшөт. Иштеп кетүүгө жол жок. “Ата-энемди ким карайт?” деп иштетпейт. Жолдошум кызганчаак,окууга же шаарга чыгып келсем, телефонумду текшерип, айламдыкетирет. Ушинтип жаштыгым өтөбереби?
Нурзат
"Азия Ньюс" гезити