Үзгүлтүксүз чач боёкторду колдонуу эмчек рагынын өрчүү тобокелдигин жогорулатат

Үзгүлтүксүз чач боёкторду жана чачты түздөтүүчү химиялык заттарды колдонуу эмчек рагынын өрчүү тобокелдигин жогорулатат.
Саламаттык сактоо улуттук институтунун адистери 46 миң 709 аялдын маалыматын изилдеп чыккан. Алар 2003-2009-жылдары "Sister Study" аталышындагы изилдөөгө катышкан. Изилдөөдө аялдардын эмчек рагынын өрчүүсүнө айлана-чөйрө жана ген кандай таасир этерин карашкан. Аялдардын баарынын жакын туугандарынын бири (эже-сиңди, апасы) аталган илдет менен жапа чегип келген, бирок алар изилдөө учурунда ден соолугу чың болгон.
Жыйынтыгында чач боёкторду үзгүлтүксүз колдонгондордун эмчек рагынын өрчүү тобокелдиги ал боёкторду колдонбогондорго салыштырмалуу 9%га жогору болгон. Себеби чачтын түсүн өзгөртүүчү каражаттын курамында эндокриндик система жана канцерогенди бузуучу заттар бар болгон.
“Окумуштуулар буга чейин деле чач боёктор менен рактын ортосундагы байланышты изилдеп келишкен. Бирок жыйынтыгы арсар бойдон калган. Биздин изилдөөдө үзгүлтүксүз чач боёкторду колдонуу менен эмчек рагынын өрчүү коркунучунун ортосундагы байланышты байкадык” дейт изилдөөнүн жетекчиси Александр Уайт.