Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 90 депутат тең партиялык тизме менен келсинби, же кайрадан көпөс кемчонтойлорбу?..

90 депутат тең партиялык тизме менен келсинби, же кайрадан көпөс кемчонтойлорбу?..

23-июль, 12:47
3 164 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ток этерине келсек, бир мандаттуу 35 орун, ошого улай 55 партиялык тизмеден шайланып келе турган депутаттардын креслолору жөнүндө талаш-тартыштар уланууда. Бизге кайсы багыт ыңгайлуу? 90 депутат тең партиялык тизме менен келсинби, же кеңейтилген округдарды да кошобузбуАктивист, эксперттер жооп узатсын.

Максат Кунакунов: “Авторитардык мамлекетке айланып баратабыз”

-- Азыркы Конституция боюнча депутаттарды шайлоо системасы бул жарым жартылай чечим. Депутаттардын укуктары кыйла чектелген. Бийлик тең салмактуулугу сакталган эмес.

Ал эми учурда 35 депутатты мажоритардык система менен округдардан шайлоо болгону турат. Тарыхка таянсак, мурда да ушинтип округдардан шайланганда жалаң акчалуулар депутат болуп алышкан. Ал эми азыркы учурда округдар чоңойгондо, ошол округ боюнча акчаны чачкандар гана депутат болобу?

Менин жана тарапташтырымдын сунушу боюнча адегенде биз тунгуч мыйзамдуулукту кайтарышыбыз керек.

Конституцияны ар бир бийликке келгенде каалагандай кылып эле алмаштырып алганды токтотолу. 1993-жылы чыныгы эл деп күйгөн легендарлуу парламент менен кабыл алынган Конституция кайра ишке келиши маанилүү. Ушунча жылдан бери узурпаторлор каалагандай жасаган башаламандыкты токтотуп, укуктук ревизия кылуу жөндүү. Көп мыйзамдарды, келишимдерди, эл аралык акттарды элдин кызыкчылыгына тууралап кайра карап чыгышыбыз керек. 

Авторитардык мамлекетке айланып баратабыз. Авторитаризмге жол бербеш керек. Өз кызыкчылыгын гана көздөгөн бузуку, көз боёмочу саясатчыларга, башаламандыкка жол берилип атып, анын азабынан азыр жагдай оор болуп турат. Мыйзамдуулук жоголду. Башаламандык болууда.

Мавлян Аскарбеков: “Сунушталып жаткан шайлоо мыйзамын толугу менен колдобойм”

-- Негизи бизде шайлоо мыйзамдарын толугу менен өзгөртүү зарыл. Биз 10 жылдан бери сунуштап келе жаткан люстрация мыйзамын кабыл алуу керек. Анда буга чейин мамлекетке бүлүк салган, революцияга себепкер болгон саясый партияларды, алардын мүчөлөрүн толугу менен шайлоодон четтетип, жогорку кызматтарга бөгөт коюу мыйзамын критерийлер менен кабыл алыш керек. Ошондой эле шайлоодогу сатып алуу жана башка мыйзам бузууларга оор жаза берсе болот. Үчүнчүдөн, административдик ресурстарды пайдаланууга бөгөт коюу зарыл. Шайлоо кампаниясында акча факторун жокко чыгарып, мамлекет баардык кандидаттарга бирдей шарт түзүшү маанилүү. Бешинчиден, сөзсүз партиялык системаны калтыруу менен преференциалдык системаны киргизип, партия лидерлеринин өзүмбилемдик аракеттерине бөгөт коюш керек. Эгер ушул чаралар камсыздалбаса, кайра эле ууру, коррупционерлер, чала бандит, чала спортсмендер баш болушуп, мамлекеттин эсебинен байыгандар келишет

Азыркы сунушталып жаткан мыйзамды толугу менен колдобойм. ЖК депутаттары да каршы чыгышууда. Бирок, ошол эле маалда өздөрү мыйзамдарды иштеп чыгышып, кабыл алышып, шайлоого даярдап коюш керек болчу. Алар болсо өкмөттөн келген мыйзамдарды сындап отурушат. Эгер мыйзам чыгарууга баштары жетпесе, атайын жумушчу топ түзүп, башка саясатчылар менен сапаттуу мыйзам иштеп чыгышса болмок эле.

Эльдар Абакиров: “Партиялык система өлкө бүтүндүгүн сактайт

-- Мен партиялык системаны колдойм. Биринчиден, өлкөнүн бүтүндүгүн сактайт, экинчиден, идеяларды жалпы Кыргызстанга тарата турган багыт. Канчалык демократияны жамандасак дагы, башка системаларга караганда эң жетишкен система ушул.

Тилекмат Куренов: “Кийинки шайлоого жалаң олигарх, коммерсант депутаттарды күтсөк болот

-- Баардыгы башаламан. 35 бир мандаттуу округдан, 55 партиялык тизме менен деген система бардакка алып келет. Кийинки шайлоодо жалаң олигархтар, коммерсант депутаттарды күтсөк болот. Өкүнүчтүүсү, бир мандаттуу шайлоодо биздин мигранттар шайлоо укугунан ажырайт. Терең анализ кылбай туруп, президенттин элге популисттик кылып айтып алгандыгынын курмандыгы болбошубуз керек. Менин оюмча, депутаттардын санын 240ка көбөйтүп, бирок баардыгынын кол тийбестик жана башка артыкчылыктарын алып салыш керек. Айлыгын кыскартып, ошол эле чыгым менен эки эсе көп депутат болсо жакшы болмок.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер