Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кутманова: “Кумтөрдөгү” экологиялык зыян боюнча чекит коюла элек

Кутманова: “Кумтөрдөгү” экологиялык зыян боюнча чекит коюла элек

20-июль, 11:25
484 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кумтөргө” келтирилген экологиялык зыян боюнча маселеге чекит коюла элек. Бул тууралуу 19-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмаонва билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кутманова соттук териштирүү уланып жатканын айтып, ар бир инвестор иштеп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын, анын ичинде жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдарын сактоого тийиш экенин белгиледи.

«Мыйзам бузуулар бар экенин үч комиссия аныктаган. Бул жерде менин позицияма карата эч кандай бурмалоо, ошондой эле түрдүү чечмелөө болушу мүмкүн эмес: факт бар жана аны эч ким жокко чыгара элек. Соттук териштирүү уланууда, маселеге акыркы чекит коюла элек», - деди Кутманова.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер