Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрулан Көкүлов: “Керектөөчүлөрдүн укугу корголо баштады”

Эрулан Көкүлов: “Керектөөчүлөрдүн укугу корголо баштады”

05-март, 22:37
1 721 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- "Не сахар" доолборун көптөн бери алып чыгып, анын алкагында көптөгөн ири соода, тейлөө жайларындагы мыйзамсыз иштерди ачыктап келе жатасыз. Эмнеден улам мындай көзөмөлдүү программанын үстүндө иштеп калдыңыз?

-- Мындан 2-3 жыл мурун дүкөндөрдөгү зөөкөрлүккө туш болчумун. Долбоор чыга элек кезде мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларды алган жерге кайтарып бериш абдан оор болчу. Колуңда чек турса дагы көпчүлүк дүкөндөр ал товарды алчу  эмес. Негизи эле керектөөчүлөрдүн үстүнөн үстөмдүк болуп, укуктары корголчу эмес. Менде дагы ушундай учурлар болгон. Бир ирет көгөрүп кеткен тортту чеги менен алпарсам, коопсуздук кызматкерлери түртүп чыгарып, каалаганыңды кылып ал дешкен. Анда мен дагы көпчүлүккө окшоп, ал нерсеге көңүл бурбай кете бергемАнан бул программаны алып чыгууга  бир дүкөндө иштегендердин апама кылган терс мамилеси себеп болду. Ошол окуядан кийин канча деген керектөөчүлөрдүн укугу тебеленип жатат деген ой келди. Ошентип, элдин укугун коргоо максатында, "Не сахар" долбоорун алып чыккам. Аталган долбоордун чыкканына үч жылдай болуп калды. 

-- Сиз көптөгөн тейлөө жана сатуу тармактарындагы жийиркеничтүү жагдайларды көрсөтүп жатпайсызбы, алар тараптан коркутуу, сурануулар болду беле?

-- Сурануулар болгон, бирок коркутуулар болгон эмес. Программанын негизги максаты керектөөчүлөрдүн укугун коргоо болгондуктан, мен суранычтарды кабыл албайм. Долбоор башталгандан кийинки биринчи жарым жылда акча сунуштагандар, тааныш, жакындар аркылуу сурангандар көп болгон. Азыр эми  андайлар кез-кезде гана болбосо, дээрлик жокко эсе. 

-- Элдин көбү санэпидемстанция кызматы алып бара турган ишти сиз көрсөтүп жатканыңызды айтышат. Бирок, алар деле текшерүү иштерин жүргүзөт да. Эмне үчүн сизге көрүнүп жаткан мүчүлүштүктөр ал кызматтагыларга көрүнбөйт деп ойлойсуз?

-- Санэпидемстанция иштеген эмес. Алар иш жүрбөгөн себебин үч жылдык  мораторий менен түшүндүрүүдө. Бирок, алар ага чейин деле көрүнүктүү иш алып барышкан эмес. Ошол себептен мораторий туура эле киргизилген деп ойлойм. 

-- Долбоор башталгандан бери анализ кылып көрдүңүзбү, сиздин текшерүүдөн өтпөй калгандардын канча пайызы оң жагына бурулду?

-- Өзгөрүүлөр көп. Долбоор башталгандан берки 2,5 жыл аралыгында көпчүлүгү чындыгында тоготпой келген. Бирок, акыркы кездери бир топ ишкерлер өз ишин таза жана адал жасоого өтүп жатышат. Ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугу тууралуу мыйзам дагы иштей баштады. Бул нерсе мени өтө кубандырат. 

-- Сизге кайсы бир мамлекеттик кызмат сунушталдыбы?   Саясый партиялардан сунуштар түштүбү?

-- Мамлекеттик кызмат сунушталган эмес. Ал эми саясый партиялардын көбүнөн сунуштар түшүп атат. Бирок, шаардык кеңешке шайлоого катышпайм.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер