Медеткан Шеримкулов нарк билген аксакалдардын көч башында

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов нарк билген аксакалдардын көч башында экени талашсыз. Ар дайым туруктуу көз карашынан тайбай, кошоматчылыктан бийик туруп, жаштарга үлгүлүү сапаттарын көрсөтүп келет. “Мага демектен бири-биринин богун жесин” деген кеби кыргыз элине чагылгандай тарап, саясый интеллигенцияда аңыз жаратып, аттуу-баштуулар чогулган жерлерден эскерилип келүүдө. (Саясат талдоочу Сабыр Муканбетов “бул кеп баарыбызга тийешелүү” дегендей). Кандай гана жыйын, же мамлекеттик иш-чаралар болбосун, бийликти мактап, “дүжүр чалдыгын” көрсөтүүдөн уялбаган коомдук ишмерлер толтура эмеспи. Көрсө, алар өздөрү сыйлык-наам алууну үмүт кылгандар, ошондой эле бала-чакасын жумушка киргизүүгө жанталашкандар экен. Ал эми Медеткан Шеримкулов баскан жолун таза сактап, жалган дүйнөнүн утурумдук азгырыктарына берилбей, адамдык парасатын жогору кармап, чыныгы аксакалдык вазыйпасын аткарып атыптыр. Адилеттүүлүк үчүн ушул жагын баса белгилеп койбосок жарабас! “Темирди кызуусунда сок” дейт эмеспи. Кыргыз элинин карысы Медеткан атабыздан үлгү алсак, анда уучубуз куру эмес, жаштарыбызга насаат-сабак улана берсин!
"Азия Ньюс" гезити