Таалайбек Байсекеев: “Жылына варикозго чалдыккан 1500 адамды дарылайбыз”

Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси менен маек.
Убакыттын өтүшү менен варикоз дарты кеңири жайылып, улам жашарып баратат. Шаарыбыздагы, алыскы аймактардагы бул дартка чалдыккандардын көбү Бишкектеги улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнөн дарыланып кетишет. Аталган бөлүмдүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты Таалайбек Байсекеев менен бул оорунун келип чыгышы, белгилери жана алдын алуу, деги эле варикоз дарты тууралуу маек курдук.
-- Сиз жетектеген улуттук госпиталдын кан тамырлар бөлүмүнө кайрылган адамдардын саны кандай? Варикоз дарты менен Кыргызстандын канча пайызы жабыркайт?
-- Бул оору адам баласы пайда болгондон баштап эле кезигип келет. Окумуштуулардын белгилөөлөрүнүн негизинде варикоз менен ооругандарды 100% деп алсак, алардын арасынан 60-70%ы аял кишилерде, калган 30-40%ы эркек адамдарда кездешет.
Биздин бөлүм 1970-жылдан баштап, азыркы биздин жетекчибиз академик Намазбеков Мамбетакун тарабынан киргизилип, хирургиялык жол менен дарылап келе жатабыз. Жылдан жылга бул оору боюнча киргизилип жаткан хирургиялык ыкмаларды толугу менен колдонобуз. Биздин эле бөлүмдө жылына 500-600 бейтапка операция жасалат. Алардын да көпчүлүгүн аял кишилер түзүшөт. Акыркы убактарда бизде жаш балдардын да варикозу кездеше баштады.
-- Бөлүмүңүздөр канча орундуу, операция саны көппү?
-- Биздин бөлүм 40 орундуу. Жылына 1500дүн тегерегиндеги бейтапты дарылайбыз. Ал эми акыркы эле 2017-жыл жөнүндө айтсак, 1100 адамга операция жасаптырбыз. Дагы белгилеп кете турган нерсе, жогоруда айтылган 600 пландуу варикозду операция кылгандан тышкары, ушул эле варикоздун ичине тромб пайда болуп калып, операция жасалган учурлар да көп кездешет. Мындай операциялардын саны 300гө жетет. Анан дагы варикозго чалдыккан адамдар өздөрүнүн өмүрүнө өзгөчө маани берип, дарыгерге убагында кайрылышса жакшы болмок.
-- Оору эмнеден улам пайда болот?
-- “Варикоз” грек тилинен которгондо “кеңейүү” деген түшүнүктү берет. Демек, бул – веналык кан тамырлардын кеңейип кетиши. Теория боюнча варикоз дененин ар кайсы бөлүгүндө пайда боло алат. Бирок көп учурда ал буттан кармайт. Төмөндөн жогоруну көздөй жүрөккө кан ташуучу венадагы клапандар кулпунун ролун аткарат. Кан клапандар аркылуу өткөн соң клапандар кулпу сымал жабылып, канды чыгарбай алып калат. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин кайсы бир бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам вена серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп, кеңейип кетет. Кеңейген жерлерде түйүндөр пайда болуп, ал жер териден бадырайып көрүнүп калат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити