Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткенде тажик фураларындагы жүктөр көрсөтүлдү

Баткенде тажик фураларындагы жүктөр көрсөтүлдү

12-май, 12:22
666 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

11-май күнү Баткен шаарында тажик жарандарынын оор жүк ташуучу үч унаасы эл тарабынан токтотулган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы ал жүк ташуучу унаалар менен Россиядан күнүмдүк керектелүүчү буюмдар ташылып келе жатканын кабарлады.

Баткен шаарында тажик жарандарынын оор жүк ташуучу үч унаасы эл тарабынан токтотулганда милиция кызматкерлери одоно мамиле жасап, ошол жерде турган жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолору соцтармактарда тараган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы ал кызматкерлердин ишине баа берилерин кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, облустун кире беришинен кармалган оор жүк ташыган автоунаалар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу 7-майдан бери милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп турат. Алар 11-майда ички иштер башкармалыгынын автоунаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Орто жолдо жергиликтүү тургундар менен түшүнбөстүктөр чыккан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер