Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Кыргыз элине ынтымак аба менен суудай зарыл болуп турат»

Бекболот Талгарбеков: «Кыргыз элине ынтымак аба менен суудай зарыл болуп турат»

12-май, 22:20
714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы Башмыйзамда курултай институтун киргизүү каралган. Мыйзам али кабыл алына элек. Бирок анын эки-үч варианты даярдалып жатканы айтылууда. Курултай боюнча биз экс-министр Бекболот Талгарбековго суроо узаттык. 

-- Бекболот агай, алгач генерал Исмаил Исаков жана сиз теңтөрага болуп шайланган «Коомдук кеңештин» иш-аракеттери боюнча маалымат берсеңиз?

-- Ал уюм жакында эле уюшулду. Тогуз комиссия түзүлгөн. Мүчөлөрү иштеп жатышат. Сунуштар даярдалганда жалпы жыйында карайбыз. Башка эч нерсе айта албайм. 

-- Демек, биз азыр берчү суроолорго жооп сиздин жеке гана пикир болот экен да? 

-- Туура айтасыз. 

-- Анда курултай институту боюнча сиздин пикирди уксак?

-- Курултай боюнча мыйзам үч жол менен ишке ашышы мүмкүн. Биринчи, курултай мамлекеттик бийликтин туу чокусу болуп, ал бийликтин башка бутактарын башкарып, тескеп, көзөмөлгө алуусу. Анда азыркы Башмыйзамга өзгөртүү киргизилип, Жогорку Кеңеш жоюлушу керек. Экинчи, учурдагы Башмыйзамдын алкагында курултай институту киргизилип, ага президенттин кайрылуусун, Жогорку соттун, министрлер кабинетинин төрагаларынын, башкы прокурордун отчетторун угуу, аларга тапшырма берүү, көзөмөлдөө укуктарын берүү. Бул вариантта өлкө катарлаш эки парламентке (Жогорку Кеңеш жана курултай) ээ болот. 

-- Үчүнчүсү?..

-- Менимче, курултай боюнча жаңы мыйзамда ал «Ынтымак курултайы» деп аталышы туура болмок. Анын башкы эки максаты – бул кыргыз элинин ынтымагын бекемдөө жана өлкөдө акыйкатты камсыздоо болуш керек. Тактап айтсак, «Ынтымак курултайы» Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясын аныктаган, аны турмушка ашырууну көзөмөлдөгөн институт болсо деген пикирдемин. 

-- Бул жерде «Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясы барбы?» деген суроо жаралат...

-- Тарыхка кайрылсак, өлкөнүн мамлекеттик идеологиясы зор мааниге ээ экенин көрө алабыз. Мисалы, коммунисттердин идеологиясы адамзат тарыхында эң күчтүүлөрдүн бири болгон. Ал идеология Советтер Союзун ири державага айланткан. Экономикалык системасын реформалап, рынок экономикасын орноткон Кытай мамлекети коммунисттик идеологияны эмгиче сактап, өнүгүүнүн гана жолунда. Экинчи мисал, Латын Америкасынын ири өлкөсү Бразилиянын мамлекеттик идеологиясы анын Башмыйзамында бекитилип, туусунда жазылган. Ал «Тартип жана өнүгүү» деп аталат. 

Ал эми Кыргызстандын так аныкталган мамлекеттик идеологиясы жок. Образдуу айтсак, компасы жок кемеде баратабыз. «Бирде алдыга, бирде артка, бирде каптал жакка сүзүп» дегендей.

-- Анда өлкөнүн идеологиялык акыбалына кандай баа берсек болот?

-- Эгемендиктин алгачкы жылдарында «түндүк-түштүк» бөлүнүүсү күчтүү болчу. Бактыга жараша, элибиз бул оорудан кутула алды. Учурда, эксперттердин айтуусунда, өлкөдө башка бөлүнүп-жарылуулар коркунучтуу акыбалга келди. Калктын бир катмары араб, бир катмары Батыш, бир катмары орус, бир катмары улут кызыкчылыктарын туу тутушуп, ич ара «кансыз согуш» абалына кептелишти. Кыргыз коомчулугу да «акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи жана жапаровчу» болуп бөлүнүп калган. Ал катмарлар жана топтор тынымсыз кармашып келе жатышат.

-- Мамлекеттик бирдиктүү идеологияны түзүү жана ишке ашыруу боюнча бийликтин аракети барбы?

-- Байкалбайт. Илгерки заманда эле философ Макиавелли айткан да «разделяй и властвуй» деп. Бул бийлик ошол жолго түшүп алды. Соңку бир жарым жылдан бери Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясынын өзөгүн түзгөн нерсе – бул бир адамды пир тутуу болуп калды. Ал – президент Садыр Жапаров. Аны тынымсыз мактоо, даңазалоо, «кыргыз элине асмандан түшкөн кут» катары көрсөтүү кадыресе көрүнүшкө айланды. Бирок мындай идеология түбү жакшылыкка алып келбесин коңшу казак эли далилдеп бербедиби?!

-- Ынтымак, биримдик маселесинде башка постсоветтик өлкөлөрдө акыбал кандай? 

-- СССР кулагандан кийинки жылдары ал боюнча оор акыбал Россия, Грузия, Молдова жана Тажикстанда орун алган. Россияда «орус-чечен» согушу, демократтар жана консерваторлордун тирешинен улам Ельциндин парламентти танкалар менен аттырганы белгилүү. Грузияда экс-президент Звиад Гамсахурдия жана президент Эдуард Шеварднадзенин тарапташтары куралдуу согушкан. Молдовадагы саясый жаңжалдан улам өлкөнүн бир бөлүгү (Приднестровье) өзүнчө мамлекет болуп бөлүнгөн. Ал эми Тажикстандагы узакка созулган атуулдук согуштун айынан он миңдеген адамдар курман болгон. Кийин ал өлкөлөрдө согуштар токтогон. Учурда постсоветтик аймакта, эксперттердин баасында, эң ири бөлүнүп-жарылган, ынтымагы начар эл – тилекке каршы, бул кыргыз эли. Мына, учурда орус-украин согушу жүрүп жатат. Россиянын көп улуттуу эли бир муштумга түйүлдү. Украинада олигархтар элди бөлүп-жарып, өлкө өз алдынча алты мамлекетке айлануу алдында турган. Согуш Украина элин да бир муштумга бириктирди. Ушуну көрүп, «элде ынтымак болуш үчүн сөзсүз эле согуш керекпи?» деп жан кашаят. 

-- Абалды өзгөртсө болобу? Эмнеден баштоо керек? 

-- Эмне үчүн болбосун. Президент өлкөнүн мамлекеттик идеологиясын иштеп чыгуу боюнча атайын комиссия түзсө жакшы болот эле. Ага президенттин, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, ошондой эле саясый партиялардын, коомдук уюмдардын, оппозициянын өкүлдөрүн киргизиш керек. 

-- Ал идеологияны сиз кандай көрүп турасыз?

-- Элибизде «Ырыс алды ынтымак» деген накыл сөз бар. Демек, кыргыз мамлекетинин идеологиясынын өзөгүн дал ошол ынтымакты орнотуу, аны бекемдеп туруу максаты түзүш керек. Ооба, кыргыз элин бир идеологиянын айланасында бириктирүү оңой иш болбой калды. Анткени элибизде араб идеологиясы, Батыш идеологиясы терең тамырлашып кетти. Ошентсе да кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө байланган идеологияны турмушка ашырууга аракеттер көрүлүшү зарыл. 

-- Азыркы бийлик андай иш жасай алабы?

-- Ири бөлүнүү көйгөйлөрүн чече албайт го. Бул бийлик Кыргызстанды өнүгүү жолуна сала албасына элдин көзү учурда жетип калды. Демек, бийлик жок дегенде ынтымак маселесине көңүл бөлүп, кыргыздардын айрым ич ара бөлүнүп-жарылышын чечсе болот эле. 

-- Мисалы?..

-- Айтсак, коомчулуктагы «акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи, жапаровчу» деп бөлүнүүнү. 

-- Кантип?

-- Биринчи президент Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келди. Эми экинчи президент Курманбек Бакиевди да мекенине кайтарууга мезгил бышып жетти. Он эки жыл мурдагы кандуу 7-апрель төңкөрүшүнө Убактылуу өкмөт жана бакиевдик бийлик теңме-тең жоопкер экенин мезгил тастыктады. Демек, бир жакты эле күнөөлүү атап, соттоп салуу акыйкаттыкка жатпайт. 

-- Алмазбек Атамбаевдичи?

-- Эки жыл мурда анын камалганы туура болгон. Бирок учурда аны да абактан бошотуш керек экендиги айдан-ачык болуп калды. Суроодон пайдаланып, мен Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып кетет элем. «Урматтуу жетекчилер, сиздер кыргыз элинин ынтымагы үчүн Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин соттук иштерин эки ай ичинде кайра териштирип, бүтүрүп бериңиздер. Алардын, албетте, он миңдеген каршылаштары бар. Бирок, ошол эле учурда жүз миңдеген жактоочулары да бар экенин эске алгыла». Бул менин көптөгөн адамдар менен баарлашкандан кийинки калыптанган пикирим. 

-- Эгерде Бакиев жана Атамбаев соттун жаңы чечимине ылайык бир канча жылга соттолушса, анда кандай болот?

-- Анда президенттен аларга мунапыс берген атайын жарлыгын чыгарышы үчүн коомчулуктан кайрылуу уюштурабыз. «Эл ынтымакта болсун» десе Садыр Жапаров каршы болбостур. 

-- Алты жыл мурда агездеги президент Алмазбек Атамбаев жалган жалаа жаап, он төрт жылга соттотуп, анын үч жарым жылын абакта отурганыңызды сиз унуттуңузбу?

-- Атамбаев тийиштүү жазасын алды. Аны мен өткөн жылы эле кечиргем. Кыргыздын чирик «элитасынын» 99,9 пайызы бийликтеги президентке каршы ооз ачып сүйлөй алышпайт. Жагалданып, кошомат кылганга көнүшкөн. Ал эми бийликтен кеткен президенттерди маскаралап, каралап жатып калышкан «баатырларга» сан жетпейт. Ооздорунан ак көбүк чачырап, оратор, акыйкатчыл болуп чыга келишет. 

-- Сунуштарды тизмектеп берсеңиз?

-- Биринчи, президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясын иштеп чыгуу боюнча атайын комиссияны түзүүсү. Экинчи, «Ынтымак курултайы» боюнча мыйзам кабыл алуу. Үчүнчү, эки ай аралыгында Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин соттук иштерин бүткөрүү. Төртүнчү, ушул жылдын 31-август эгемендик күнү алгачкы «Ынтымак курултайын» өткөрүү. Бешинчи, ал «Ынтымак курултайга» президент Садыр Жапаров менен чогуу мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековдорду катыштыруу. 

-- Соңку суроо: «Коомдук кеңеш» уюмунда ким лидер?

-- Бизде андай түшүнүк жок. Уюмдун демилгечиси Исмаил Исаков. Катарына мени да чакырган. Ал адам менден кыйла тажрыйбалуу. Ага жардам берүүгө аракетимди жасайм. 

-- Маегиңизге рахмат! Элибизде ынтымак орношуна биз да тилектешпиз!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер