Акыркы кабарлар
» Коом » Ачык трассаларда унаа ылдамдыгынын чеги 110 чакырымга узартылды
Ачык трассаларда унаа ылдамдыгынын чеги 110 чакырымга узартылды
12-ноябрь, 12:51


Мындай жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүү киргизген токтом 31-октябрда кабыл алынып, ал расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирди.
Негизи бул сунушту Ички иштер министрлиги (ИИМ) киргизген. Министрликтин көз карашында, ылдамдыктын чегин көтөрүү жолдордогу унаа өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгүн арттырат.
ИИМ Кыргызстандын транспорттук паркы коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берген күлүк машинелер менен толукталып жатат деп эсептейт. Коомдук талкууга коюлган документтин негиздемесинде акыркы жылдары эл аралык маанидеги жолдор оңдолгону, кайсы бир бөлүктөрүнүн чети, ортосу тосулганы, бул кырсыктарды азайтууга салым кошкону жазылган. Ылдамдыктын чеги жолдун шарты коопсуз кыймылды камсыз кыла турган жерлерде көтөрүлүшү керек.
Эскерте кетсек, учурда калктуу конуштардан сырт жерде ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп белгиленген.
Aryba.kg