Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын алуусу мыйзамга каршы келет

Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын алуусу мыйзамга каршы келет

16-январь, 13:40
4 466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эфирге күндө чыккан дикторлордой болуп, чачын тегиздеткен Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамын берүү маселеси коомчулукта кызуу талкууланууда. Конституциянын 63-беренесинин 1-пунктунда президент кызматына киришип жатып, ант берет, 2-пунктунда анын ыйгарым укуктары жаңы шайланган президент кызматына киришкенде токтотулары бадырайып жазылып турат. 

Сооронбай Жээнбеков болсо, мөөнөтү бүтө электе, жаңы президент шайлана электе жылан чакпай, жылкы теппей арызын жазып, эми “экс-президент макамын түбөлүк калтыргыла” деп өлүмтүгүн артып отурат. 

Башкасын айтпай ак коёлу, каргашалуу июлда эпидемия каптап жатканда, эки жума дайынсыз жоголуп кетип, тумоого чара көргөнгө жарабай элдин убалына калганы үчүн, же 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин бийликти таштай качып, 3-4 күн дайынсыз кетип, элди, мамлекетти кароосуз калтырганы үчүн ага экс-президент деген ардактуу сый-ургал берилиши керекпи? Медеткан Шеримкуловго окшогон аксакалдар “президент кайда?” деп сураштырып, издешкени эмне деген жорук? “Мамлекеттин, элдин жоопкерчилигин алам” деп берген анты кайда? Октябрь окуяларындагы С.Жээнбековдун жоруктарына саясый жана юридикалык баа берилиши керек да, туурабы? Ал элди ойлобой эле кара башынын камын ойлоп, “экс-президент макамын бергиле” деп соодалашканы чынбы? Эгер мамлекеттик-медициналык комиссиянын “С.Жээнбеков президенттик кызматты ден соолугуна байланыштуу аткара албайт” деген тыянагы болсо, ошого байланыштуу мөөнөтүнөн мурда кызматын өткөрүп, экс-президент макамын алса болот. Башка учурда ага мындай даражаны бергенге мыйзам жол бербейт. Же Садыр Жапаров президенттик кызматын кыйын учурда элди талаага таштай качкан Сооронбай Жээнбековго “экс-президент” макамын берип, мыйзам бузуп, мамлекетке каршы кадамдары менен баштайбы? Бул боюнча Садыр Жапаровду адаштыргандар болушу мүмкүн, а иш жүзүндө элдин талабы башка да... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер