“Балапан” Илимбек Кубанычбеков Кара-Суу округунан талпынганда


Кара-Суу району Кыргызстан боюнча элинин санынын көптүгү менен айырмаланат. Башынан бул округда саясый жарыштар чоң талкуулардын негизинде өтүп келгенин билебиз. Жаңы шайлоо мыйзамынын негизинде күзгө карата аламанга ат коюлары айтылып, эмитен эле алып учкан талапкерлер байкала баштаптыр.
Маселен, өткөн жылы Кара-Суудан Илимбек Кубанычбеков аттуу “сары ооз балапан” шайланып келген. “Сулуу чымчык” каймана атындагы Нурбек Алимбеков жардам бергени каңкууланган эле. Агезде ушундай подача керек болду окшойт. Эң кызыгы, Илимбек алгач келгенде алапайын таппай, шашкалактап жүргөнү байкалган. Бара-бара Жогорку Кеңештин дубалдарына көнүшүп, анда-санда сүйлөп, мандат кумарынын мазесин тата баштады көрүнөт. “Сүйлөй-сүйлөй чечен болот...” дегендей. Бизге жеткен маалыматтан алганда, күздө шайлоо өтсө, Илимбек Кубанычбеков өзүн негизги талапкердей алып чыгарын жакындары айта башташты. Айтмакчы, Кара-Сууда “бодибилдинг” Алишер Козуев да бар экенин бул “балапан” тоготпой калганбы? Тамашанын баары алдыда окшойт...
"Азия Ньюс" гезити











