Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Италияда коронавирустун баш-аягы көрүнө тургандай эмес

Италияда коронавирустун баш-аягы көрүнө тургандай эмес

16-март, 15:22
1 039 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус илдети болуп көрбөгөндөй кулачын жайган Италиянын Бергамо шаарында врач болуп эмгектенген Роберто Козентинонун айтымында, ооруканага күнүгө 60-80ден киши түшүп жатат. Вирусту жуктургандардын баардыгынын абалы оор. Пандемиянын качан токтоору белгисиз. Ал пандемияны жаратылыш кырсыгы менен салыштырып, бул тууралуу италиялык La Repubblica гезитине берген маегинде билдиргенин “Марал фм” жазып чыкты.

«Ломбардия учурда жер титирөөнүн борбору сыяктуу эле болду. Мунун баш-аягы көрүнө тургандай эмес. Күн сайын илдетти жуктургандар көбөйүп, ооруканалар вирусту жуктуруп алгандарга жык толгон. Эгерде бизге жаңы койкаларды коюп беришпесе, кошумча медайымдар жана доктурлар менен камсыз кылышпаса, мындай шарттарда биз канчага чейин туруштук берерибиз белгисиз” деди 60 жаштагы бергамолук доктур Роберто Козентини.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер