Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Беш жашында жетим, 28 жашында жесир калган Эркингүл сүйүүгө кабылды

Беш жашында жетим, 28 жашында жесир калган Эркингүл сүйүүгө кабылды

17-март, 12:12
2 675 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Беш жашында жетим, 28 жашында жесир калып, кайненесинин каардуу запкысынан төрт баласын ээрчитип үйдөн чыгып кеткен Эркингүл Турганбаева Чүйдүн Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы социалдык шаарчанын 36 жаштагы тургуну. Анын бала кезинен башталган армандуу жашоосу, аптаптуу күндөрдө балдарын ээрчитип, талаа жумуштарында көз жашын төккөн көйгөйлүү күндөрү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бейиши болгур Айгүл апам 5 жашымда каза тапты. Алты бир тууган жетим калып, көйгөйлүү турмуштун сазына баттык.

Мен 1984-жылы 25-октябрда Тажикстандын Мургаб районунда төрөлгөм. Айылда 1-классты аяктаган соң турмуш шартыбызга байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районундагы Келечек айылына көчүп келдик. Ошол айылдагы мектепте 4-класска чейин билим алып, инилеримди караган адам жок болгондуктан окуумду уланта албадым. Кыскасы, 4-классты гана аяктагам. Күндөр, жылдар агылып өтө берет тура. 17 жашымда 25 жаштагы Эрмек аттуу жигитке турмушка чыктым. Азыркы жаштар айткандай, биздин ортобузда жалындаган сүйүү жок болсо да, куттуу үйдүн коломтосун туу тутуп жашадык. Төрт балалуу болуп, турмушубуз бир нукка түшө баштаган учурда 2012-жылы 1-апрелде жолдошум боору эзилип кетип, жарык дүйнө менен кош айтышты. Төрт балам жетим, 28 жаштагы мен жесир калдым.

Балалыктан башталган бактысыз жылдардын барактарына көз жашымды сыя кылып жаздым. Аттиң десең... Жаштыгым жашка жуурулду. Күлгүн курак күн нуруна кургады. Жолдошум каза болгондон 40 күндөн кийин кайненем төрт балам менен үйдөн кууп чыкты. Мектептин ичин тазалап иштегендиктен, андагы мугалимдер үчүн курулган үйлөрдүн бирине баш калкаладык. Ошол күндү эстеп, менин жашоомо жарык чачкан мугалимдерге башымды ийип таазим кылам.

Айлык маяна аз болсо да, көпчүлүктүн катарында жаш балдарымды жетилттим. Ишемби, жекшемби күндөрү таң сүрө талаа жумушуна аттанып, күнүнө 350-400 сом таап, маңдай теримди талааларга төктүм. Тапкан бир аз тыйынымды өтө үнөмдөп, жашообуз уланып жатты. Жашоо күрөш тура. Алсыз болсоң, анын толкунуна агасың. Кайраттуу болсоң, ага каршы сүзө аласың. Турмуш мага ушуну үйрөттү. Кыйынчылыкка каршы жарты кайыкты башкардым.

2017-жылдын 31-августунда Вознесеновка айылындагы арабдар курган социалдык шаарчадан мага 2 бөлмөлүү үй беришти. Өз алдымча үйлүү болуп, эгемендүүлүк күнүндө эркиндикке чыккандай эле болгом. Бирок үй менен эле жашоо көйгөйү чечилбейт тура. Таңдан кечке Кара-Балта шаарындагы ашканалардын биринде идиш жуугуч болуп эмгектендим. Жай айларында балдарымды ээрчитип, талаа жумуштарында иштедим. Учурда төрт балам тең мектептен билим алып жатышат. Окуусу жакшы. Кезегинде өзүм окубай калсам да, балдарым татыктуу билим алышына шарт түзүүгө болгон аракетимди жумшап келем» деди ал.

Каарманыбыз учурда жашап жаткан социалдык шаарчанын абалы жана ашканада иштеп жүргөн күндөрдө бир жигит менен таанышып, сүйүүгө чалдыкканы жөнүндө кеп козгоду.

«Социалдык шаарчадагы 10 үй-бүлөдө 50дөн ашуун адам жашайт. Кудайга шүгүр, арабдар демөөрчүлүк көрсөтүп, мага окшогон жесир аялдарды колдоо иретинде куруп койгон экен. Андан бери төрт жылга жакындап калса да, үйдүн бизге тийешелүү экенин тастыктаган кагаздары жок. Ошол себептен балдарыбызга документ, паспорт, жөлөк пул ала албай, ар кайсы эшиктерди каккылап жүргөнүбүз жүргөн. Катар тизилген үй болгону менен шарты начар. Кышында көмүр коё турган жерибиз жок, ылайга аралашып жатат. Жер алдынан суу чыгарылган. Андан кум аралаш суу чыгат. Эшиктин алды эзилип, баткакта бут кийим калат. Ушинтип жашап келе жатабыз. Мындай жалгыз жашоодон кыйналып, айрымдарыбыз күйөөгө да чыктык. Үйдө эркек кишинин орду башка тура. Айрымдар “силер күйөөгө чыксаңар, арабдар үйүңөрдү алып коёт. Үйсүз талаада каласыңар. Турмушка чыгууга тыюу салынган дешип, башыбызды оорутат. Биз эмне, жашоодо жалгыз жашоо үчүн жаралган жанбызбы?

Көпчүлүгүбүз жашпыз. Кечиккен махабатка чалдыккандар болот дегендей... Бизге сын тагып, жолубузду тоскондорго “кана, күйөөгө тийбесин, эгер тийсе үй алынат деген мыйзамды көрсөткүлөчү. Аны ким токуп, ким силерге окуп берди?” деп суроолорду жамгырдай жаадыра баштаганда, бизден ошол “кыйындар кача баштайт. 

Мен эми турмушка терең түшүнө баштадым шекилдүү. Үй-бүлөдө эки жаш сүйүүсүз жашаса болобу? Бири-бирин көрбөй-билбей туруп, ата-энелеринин каалоолору менен үйлөнүп, көп балалуу болгондор бар эмеспи. Же сөзсүз эле сүйүп-күйүп, жалындап кетиш керекпи? Ошону түшүнө албай кээде ойго чөмүлөм.

Мындан үч жыл мурда өзүмдөн 9 жаш улуу адамга ашык болуп калдым. Бассам-турсам сүйлөгөнү, жүргөн-турганы көз алдымдан кетпей койду. Мен ошондо сүйүүгө чалдыкканымды сезе баштадым. Нарындык келишимдүү киши экен. Таанышып, сүйлөшүп жүрдүк. Мына жакында бир айдай болуп калды, баш коштук. Жашап жатабыз. Ал мага, балдарыма да күйүмдүү. Азыр үйдө тигүүчүлүк менен алектенип жатам. Бир кезде чоң энем үйрөткөн кол өнөрчүлүктү кайра баштадым. Ар он күндө Кара-Балта шаарына барып, тигүү цехибизден бычылган даяр кездемелерди алып келем. Көйнөк, шым, куртка жана башкаларды тиге берем. Бүткөндө алып барып тапшырып, кайра буюртма алам. Он күндө 4 миң сомго жакын айлык төлөп турушат. Ошондо бир айда 12 миң сом табам. Эми ишим дагы жүрүшүп кетсе, айына 20 миң сомго чейин тапсам болот. Жакшы жери, үйдө балдарымдын жанында болом.

Төрт балам тең мектепте окушат. Аларга тамак даярдап, мектепке жөнөтөм. Кайра тосуп алам. Жашоом ушундай. Сырттан караганда жөнөкөй эле сары келин болгонум менен, сырым көп. Ичте толгон арман менен арзуу жашап келет. Чечилип, бирөөгө деле төгүлө айткым келбейт. Ар кимдин жашоосу өзүнө таандык да. Атам, өгөй апам, туугандарым менен катташып турабыз. Ал эми каза болгон жолдошум жактагылар менен балдарым гана катташат. Кээде барып, кабар алып турушат. Менин жүрөгүм биротоло музга айланып калган экен. Ошол жакка эч бутум тартпайт, жүрөгүм каалабайт. Балдарым эсен болсун. Канаттуудай канатыма калкалаган жетим балдарымды жетилтип, эл арасына кошсом дейм» деди тигүүчү.

“Турмуш кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер