Акыркы кабарлар
» Саясат » Талант Мамытов депутат болгону үчүн кимге рахмат айтышы керек?
Талант Мамытов депутат болгону үчүн кимге рахмат айтышы керек?
15-февраль, 02:00

№13 округдун шайлоосу жокко чыгып, кайра аламан күрөшкө даярдыктар башталган. БШК ушундай чечим кабыл алган эле. Учурда төрагасы Тынчтык Шайназаровго түшүнбөгөндөр арбын. Саресеп салгандардын баамынан алсак, Камчыбек Ташиевдин маселесинен улам Талант Мамытовду пайдаланууга, ага каршы коюу үчүн мандат берилдиби? Саясый чөйрөдө түрдүү божомолдор былгый баштады. Дал ошол №13 округдан Бакыт Сыдыков баш, калгандары төш болушуп, шайлоо түп орду менен жокко чыккан да. Анан эми Мамытов аймактык балансты сактоого, “күрөө тамырды” кармоого керектелеби? Эң башкысы, мандатка жеткени үчүн экс-үзөңгүлөшү Ташиевге рахмат айтабы? Же ажого ыраазы болобу? Айтор, соболдор арбын. Талант мырза кудуңдап жаткандыр, “Кудай берди” деп...










