Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бүтүн Кыргызстандын” шайлоодон өтпөй калышына эки себеп негиз болобу?

“Бүтүн Кыргызстандын” шайлоодон өтпөй калышына эки себеп негиз болобу?

12-ноябрь, 10:38
1 281 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курманбек Бакиевдин бийлиги кезинде Адахан Мадумаров коопсуздук кеңешинин катчысы катары протоколго кол коюп, натыйжада, Баткендеги 275 метр жерди тажиктердики катары таанып, кайра 49 жылга арендага алганын президент Садыр Жапаров өткөн пресс-конференциясында айткан, кол коюлган документти көрсөтүп туруп. Бул билдирүүдөн кийин Адахан Мадумаровдун түштүктөгү, өзгөчө баткендик шайлоочулары кыйла азайып калганы айтылууда. “Факты өжөр нерсе” дегендей, ошол кездеги протокол катуу сокку катары урулду... Экинчи жагдай, аз күн мурун Адахан Мадумаров 2010-жылдагы 7-апрелде каза табышкан 90го жакын азаматтарыбызга кайрадан эски пластинкасын айлантып, “акаарат келтиргени” көпчүлүк катмарга жаккан жок. Бакиевдин үй-бүлөлүк, криминалдык, кандуу бийлигине каршы аттанышкандар эркиндик, келечек үчүн октон да жалтанышпай, аянтта сулап жатышты. Мадумаров шейит кеткендерге “мергенчинин огу тийген, артынан атылган” деген сыяктуу келекелөөсү кыжырды келтирди. Акүй тараптан жана аянттагы күч органдарынын кызматкерлери ок чыгарышканы, аларды Жаныш Бакиев жетектегени канча ирет айтылды, жазылды? Дал ушул жерден да Адахан акылдан азгандай аксап, бир капшыттагы шайлоочуларын жийиркентип алды. Жыйынтыгында, алдыдагы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шансы азайып, көпчүлүктүн тескери бурулуп кетүүсү күтүлүп атабы? Көкөйгө тийгендей эле болот го?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер