Керезбеков КМЮАны өнүктүрүп, КУУга өткөрүп берди, эми Садыков менен Исамидинов “балталайбы”?


Президенттин жарлыгына ылайык, юридикалык академия Ж.Баласагын атындагы улуттук университетке кошулду. КМЮАнын ректору, профессор Канат Керезбеков эмгек жамааты менен коштошуп кетти, мырзалыгын көрсөттү. Канат мырзанын КМЮАга жасаган эмгеги чоң. Өзү коштошуу сөзүндө айткандай, КМЮА билим сапаты жагынан азыркы учурдагы Кыргызстандын бренди десек жарашат. 19 жыл мурда улуттук университеттен бөлүнүп чыкканда болгону бир окуу корпусу болсо, азыр заманбап компьютердик залдар, мультимедиялык техникалар менен жабдылган, капиталдык ремонттон өткөн, заңгыраган 4 окуу корпусу, жаркыраган конференц-залдар, Ысык-Көлдөгү евростандарттагы “Дельфин” эс алуучу-спорттук комплексине ээ. 19 жылда окуу жайдын аянты 15 эсеге, жаңы ачылган адистиктердин, программалардын эсебинен профессордук окутуучулар курамы 3 эсеге көбөйгөн. Эмгек акысы өлкөдөгү окуу жайлардан эң жогоркусу десек болот.
Эми салыштырып көрүңүз: Канат Садыков беш жылдан бери жетектеген улуттук университет 3 жатаканасынан, 1 окуу имаратынан ажыраган, мындан беш жыл мурда 200 окутуучу кыскарса, быйыл дагы 200 окутуучу кыскарган, университеттин бюджети 100 миллионго, студенттердин саны 8 миңге кыскарган, башкача айтканда, эч кандай өнүгүү жок, окутуучулардын айлыгы мектеп мугалимдериникинен да аз. Азыр улуттук университет өлкөдөгү эң начар окуу жайлардын катарына кирет. Аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттик аныктаган ЖОЖдордун рейтингинде Ж.Баласагын атындагы КУУ критерийлердин баардыгы боюнча арткы орунду ээлеп, провинциалдык Баткен, Нарын, Талас университеттеринин катарында калган. Канат Садыков ректорлук мөөнөтү бүткөнүнө карабай, шалтурук командасы менен дагы деле кетпей тырышып отурат. Президенттин кеңешчиси Медет Букуевди ортого салып, чуркап жатыптыр. Ал эми ректордун жашыруун кеңешчиси Искендер Исамидинов жылкы союп, “Канат Садыковду колдоп койгула” деп университеттин окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүн сыйлап, чайга чакырып жүргөнү айтылды. Баягы эле тааныш-билиштигине, кыргызчылыгына салып. Канат Садыков ордунда калса, Искендер Исамидиновдун көздөгөн максаты – өзү колдоп, канаттууга кактырбай жүргөн педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманованы проректор кызматка кондуруш. Рахат Сулайманова болсо Искендер Исамидинов ректор болуп турганда Стамбулга шоп-турга чыгып жүргөн атактуу декандардын бири катары артынан сөз ээрчитип калган...
Иши кылып, азыр улуттук университетти сазга батырып, талкалаган Канат Садыковдун иштей албаган майып командасы “бийликти колдон алдырбайлы” кыязында көкүйгө ат тезегин кургатпай каттап, Медет Букуевдин кабинетин штаб кылып алышканы ыраспы?
"Азия Ньюс" гезити











