Ротация шылтоосу ишке ашпай, Жапар Ормонов ишенимди актаган жок


Бийлик кадр саясатынан көп ката кетирип, үч жылдан бери жыдып эле келатат. Мисалы, Чолпон-Ата мэри Жапар Ормоновдун эмне иш менен алектенгенине кызыктыңарбы? Ысык-Көлдүн сезону башталганы дайыны билинбей, көптүн бириндей эле жыргап жүрөт. Туристтерди кызыктырган, эс алуучулардын маанайын көтөргөн демилгелерди кыла албай, жетекчи катары ийгилик жарата албады. Жаратман эмес экен. Көл кылаасында Чолпон-Ата көзгө басар шаар. Мэр катары тазалыкты сактоого жарабай, башаламан автоунаалардын токтоосун иретке келтире албай, эң жөнөкөй милдеттерин аткарууда артка кетип, алсыздыгын айкындады. Кыскасы, кыйраткан иши жок, бир жүргөн байкуштугун далилдеди. Негизи ротация шылтоосу менен Жапар Ормоновго окшогон сабатсыз, тажрыйбасыз кадрларды ары-бери калчап, мамлекетти артка тартууну токтотпойлубу? Убакыт келди да, эсибизге келели.
"Азия Ньюс" гезити











