Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Надира Жусупбекова: “Эки түрдүү форматта билим берүү процесси уюштурулат”

Надира Жусупбекова: “Эки түрдүү форматта билим берүү процесси уюштурулат”

16-август, 12:34
2 460 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР илим жана билим берүү министринин орун басары менен маек.

-- Надира айым, жаңы окуу жылына карата даярдыктар тууралуу кеп кылалы. Көздү ачып-жумгуча эле август айы ортолоп баратат...

-- Өлкөдө түзүлгөн азыркы кырдаал учурунда окуучулардын, мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо жана 2020-2021-окуу жылында балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү программаларын  аткарууга даярдык көрүү максатында 2020-жылдын 5-августунан 25-августуна чейин республикада “Санарип мугалим” деген аталышта бир айлык жарыяланып, анын алкагында бир топ иш-чаралар өткөрүлө баштады.

-- Кыскача токтолсоңуз?

-- Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту аркылуу 2020-жылдын 5-августунан баштап, графикке ылайык билим берүү уюмдарынын жетекчилери, педагогдор үчүн мультимедиялык технологияларды колдонуу, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу, ата-энелер менен иш алып баруу боюнча вебинарлар өткөрүлүүдө. Мындайча айтканда, аралыктан скайп сындуу тикелей байланышты айтып атам. 

-- Дистанттык технологияларга бир аз көнбөй жатат өңдөнөбүз?

-- 2020-2021-окуу жылында билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн “Дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүү уюмдарын башкаруу” боюнча 72 сааттык модуль иштелип чыгып, окуу семинарларын өткөрүү пландаштырылып, кечээтен баштап койдук. Буюрса жаман эмес. Ошол эле учурда 2020-жылдын 25-августуна чейин жалпы билим берүү уюмдарында санитардык талаптарды сактоо менен графикке ылайык окуучуларды окуу китептери менен  камсыздоо ишке ашырылышы керек. Министрликтин алдында практик мугалимдерден, эксперттерден, окумуштуулардан жана тажрыйбалуу жетекчилерден турган эксперттик-консультативдик кеӊеш түзүлгөн. Эксперттик кеӊештин сунуштарын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө менен жаңы окуу жылында окуу процессин уюштуруунун варианттары иштелип чыкты. 

-- Мектепке чейинки билим берүү, бала бакчалар бар дегендей...

-- Мектепке чейинки билим берүү уюмдары аймактардагы эпидемиялык кырдаалга карап, балдардын, мугалимдердин ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирбеген шарттарда, аймактык санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборлору жана жергиликтүү бийлик органдарынын чечиминин негизинде баардык санитардык талаптарды сактоо (дезинфекция, социалдык аралык ж.б.) менен ишмердигин жүргүзүшү керек, бул негизги талап. Экинчиден, тийешелүү органдар тарабынан иштөөгө чечим чыккан бала бакчалар ишмердүүлүгүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) муктаждыгына ылайык жүргүзүшү кажет. Үчүнчүдөн, “Карантинден кийин коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин кайра улантуу үчүн колдонмосун” жана “Балдардын билим берүү уюмдары үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын аткаруу аракеттеринин алгоритмин” аткаруусу толук милдеттүү.

-- Жалпы билим берүүдөгү окутуу кандай тартипте жүргүзүлөт?

-- Жалпы билим берүү уюмдарында окутуу биринчиден, салттуу түрдө. Демек, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, балдардын, мугалимдердин ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирбеген аймактарда (“жашыл зоналарда”) менчигинин түрүнө, тибине карабастан 1-11-класстарда окутуу салттуу түрдө өткөрүлөт. Окуучулардын саны абдан аз болсо, “нөөмөт класстар” ачылышы  мүмкүн. Экинчиден, салттуу-дистанттык аралаш түрдө окутуу 1-5-9-жана 11-класстарда гана салттуу түрдө өткөрүлсө, класстардагы окуучулардын санына жараша топторго бөлүнүп, ийкемдүү жүгүртмөгө ылайык окушат. 

-- Мисалы?

-- Биринчи топ дүйшөмбү, шаршемби күндөрү, экинчи топ шейшемби, бейшемби күндөрү. Окуучулар мектепке келген күндөрү мугалимдер окуу программасы боюнча жаңы материалды түшүндүрүп, окуучулардын көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларды беришет. Жума күндөрү мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышка чыгышат жана сабакка даярданышат.

-- Социалдык аралыкты кантишет?

-- Социалдык аралыкты сактоону камсыздоо максатында ар бир класс үчүн сабактардын жана танапистердин жүгүртмөлөрү өз-өзүнчө түзүлөт.

1-5-класстар 1-нөөмөттө, 9-11-класстар болсо 2-нөөмөттө дегендей. Ал эми эпидемиялык кырдаал туруктуу болгонго чейин башка 2-3-4-6-7-8-10-класстарда окутуу дистанттык түрдө жүргүзүлмөкчү, ошол эле учурда окуучулардын саны анча көп эмес мектептерде 2-класстардын да салттуу режимде окуусу каралууда. Айрым предметтер социалдык аралыкты жана башка санитардык талаптарды сактоо менен таза абада өткөрүлүшү мүмкүн, бу жагы азыр изилденүүдө.

-- Эпидемиологиялык кырдаал курч аймактардагы 1-класс менен 11-класстар кантишет?

-- Эпидемиологиялык кырдаал курч аймактарда (“кызыл зона”) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана жергиликтүү бийлик органдарынын корутундуларынын негизинде 1-11-класстарда окутуу дистанттык формада өткөрүлөт. Анүчүн жалпы билим берүү уюму эпидемиологиялык кырдаалга, мектептин мүмкүнчүлүгүнө жана окуучулардын санына жараша сунушталган варианттарды тандоо укугуна ээ. Мүмкүн окутууну салттуу же салттуу-дистанттык аралаш түрдө өткөрүүдө баардык санитардык талаптарды аткаруу менен. Ошол эле учурда мектеп администрациясы жана мугалимдери ар дайым санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта иш алып барып, мектептеги кырдаал боюнча министрликке жана тийешелүү органдарга маалыматтарды өз учурунда берип туруусу милдеттендирилет. Азыркы учурда салттуу форматта да, дистанттык форматта да билим берүү процессин уюштурууга даярдыктар жүргүзүлүүдө.  


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер