Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туратбек Мадылбеков: “Президенттик башкарууга өтсөк, келечекке чекит коёлу”

Туратбек Мадылбеков: “Президенттик башкарууга өтсөк, келечекке чекит коёлу”

22-ноябрь, 22:02
2 815 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Туратбек мырза, акыркы мезгилде неге дараметин билбей чоң кызматты көксөгөндөр көбөйдү?

-- Мен жалпы жонунан 35 жыл мамлекеттик кызматта иштедим. Союз мезгилинде да, андан кийин да эмгектендим. Азыр терс көрүнүштүн баарын “коом өзгөрдү” деп коомго шылтап жатабыз. Чынында коом мынчалык тез өзгөрбөшү керек эле. Сыягы, бийликтин салмагы кетип, куту кача баштады. Элдин бийликке болгон урмат-сыйы азайды. Мындай абалдын жаралышына жооптуу кызматтарга  татыктуу адамдардын келбегени себеп болду. Акаевдин убагында дагы кызматка кадрлар тажрыйбасына, билимине жараша коюлбаганы элди иренжитип, нааразычылыкты күчөткөн. Тагыраагы, “лаборант деле министр болуп калды” деп, тепкичтерди басып, тажрыйба топтоо даярдыктары жокко чыккан. Кызматтык тепкичтерди басып өткүчө, “коррупция менен акча таап, даражалуу кызматтарды акчага сатып алсак болот экен” деген көрүнүштөргө күбө болгонбуз. Мына ошол коррупционерлер бийликтин кутун качырды. Бакиевдин учурунда дагы райондук деңгээлдеги жетекчилер миңдеген адамдар иштеген жооптуу кызматтарды башкарышып, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын кетиришти. Ошондон уламбы, акыркы 10-15 жылдан бери диплом алган балдардын баары акыбалдарына карабай, “министр, министрдин орун басары, премьер-министр болом” деген адат пайда болду. Мен жаштардан кызматты кызганып жаткан жерим жок, ошол жооптуу кызматтын жоопкерчилигин түшүнбөй, кызматтын кадырын кетирип, кутун качырып жатышканын айтып жатам.  

-- Президенттик шайлоо болору жарыялангандан бери эрте турган киши эле тактыны эңсеп, каттала баштады. Бул адат дараметибиздин жоктугубу же акылыбыздын аздыгыбы?

-- Негизи президенттикке талапкер болгондорду дагы, парламенттик шайлоого катышууну каалагандарды дагы алгач каттоого чейин билимин, тажрыйбасын, анан сабаттуулугун текшере турган эрежелерди киргизип, бир канча процедурадан өткөрө турган барьерлерди коюп, мыйзам кабыл алышыбыз керек эле. Ошондо гана татыктуулар жооптуу кызматтарга аттанганга мүмкүнчүлүк алышмак. Эч жерде иштебеген, эки сөздү кошуп жаза албагандар өзү эле иргелип калмак. Президенттикке, парламентке талапкер болгондор жок эле дегенде жазганды билиши керек. Кыргыз тилинде диктант, изложение жаздырып, “4”, “5” деген баага татыктууларын гана “талапкер” деп каттоо зарыл. “2” алгандарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан кетирген катасын айтып, элге жарыялаш керек. Ошондо дараметине, акылына ишенгендер гана аттанып, башкалары “уят болуп калбайлы” дешип, акыбалына, мүмкүнчүлүгүнө жараша иш кылышмак.

Ошондой эле “президенттикке аттангандар мамлекеттик кызматтарда же муниципалдык кызматта беш жылдан кем эмес иштесин, же өндүрүштө бир канча жыл башкарсын” дегендей чектөөлөрдү дагы киргизиш керек. Ошондо президенттик кызматты оюнчук көргөн, эч жерде иштебеген адамдар президенттикке ат салышпай калышат. Антпесек, куудулу деле, “кыш болбойту” деле аттанышып, Кыргызстанды жер жүзүнө шылдың кылышып, мамлекетибиздин кадырын кетиришүүдө. Негизи мен сөз кылып жаткан эрежелерди мамлекеттик жооптуу кызматка барган баардык адамдарга колдонушубуз керек. Ошондо министр, министрдин орун басарлык кызматына да татыктуу кадрлар барат. “Парашют” менен асмандан түшүп калган кадрлар азаят. Кыскасы, мамлекеттик кызматтардын баркы көтөрүлөт. 

-- Президенттикке аттангандардын ичинен чыныгы күрөш кимдердин ортосунда болот деп ойлойсуз?

-- Негизи, күрөш төрт талапкердин: Садыр Жапаров, Бактыбек Калмаматов, Канатбек Исаев, Адахан Мадумаровдун ортосунда болот. 

-- Жаңы бийлик келгени парламенттик башкарууну сындап, президенттик башкарууга өтүүнү каалагандар көбөйдү. Президенттик башкарууга багыт алсак, Текебаев айткандай, 30 жыл артка кетебизби, же тескерисинче өнүгүүгө багыт алабызбы?

-- Чынын айтсам, супер президенттик башкаруу биринчи президенттик башкаруу деп келет. Акырындык менен супер президенттик башкарууга өтөт. Аны Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков да көрсөттү. Анткени, парламент президенттин ыгынан чыкпай, каяша кыла албай калса, башка жүздөгөн мамлекеттик кызматтын  баары президенттин ыгынан чыкпай калат. Ошон үчүн парламенттик башкаруудан өтөрү жок. Кыргызстанда 2010-жылы жаңы Конституция жазылып, парламенттик башкарууга өттүк. Ошондо да аралашма башкаруу болду. Аралашма башкаруу системасы да эки эле жыл болду. 2013-жылдан баштап Атамбаев бүт бийликти мыйзамсыз узурпация кылып, Жогорку Кеңештин колу-бутун бурап, айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргиздирип, президенттик бийлигин күчтөндүрдү. Андан кийин супер президенттик башкаруу орун алды. 

Мен кыргыз элинин табиятына парламенттик башкаруу туура келет деген ойдомун. Анткени, кыргыздар ханды эмес, бийди көргөн. Орчундуу маселелер боюнча ийри отуруп, түз чечимдерди кабыл алып, парламенттик башкаруу сыяктуу ыкма менен бир канча кылым жашашкан. Бул жерден мен Текебаевдин айтканын колдойм. Негизи, жогоруда айткан төрт азаматтын кимиси президент болсо да, тегерегиндеги адамдар каалайбызбы-каалабайбызбы, кошоматтанып отуруп, “бийликке үстөмдүк кылалы” деп жолдон чыгарып, супер президенттик башкарууга алып келип коюшат. Ошон үчүн парламенттик башкаруудан алыстабашыбыз керек.

 Парламенттик башкаруу болсо, татыктуу депутаттар келсе, Кыргызстан өнүгөт. Азыр бир кишиге Кыргызстандын тагдырын карматып коюу өтө кооптуу. Парламенттик башкаруунун да катачылыгын айтып жатышат. Аны эпке келтирип, кемчилигин оңдоп койсок болот. Маселен, өкмөттү бат-бат алмаштырбай, туруктуу иштеши үчүн жалпы депутаттардын үчтөн экиси каршы болгондо гана өкмөт отставкага кете турган кылсак, баштагыдай улам өкмөт аралашкан маселе жаралбайт. 

Улам президенттик шайлоо кылып, референдум өткөрүп, акчанын баарын корото бербей, таза парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Ошондой эле курултай институтун ишке киргизип, парламент курултайга отчёт бере турган кылсак, иштебеген депутаттарга курултайда биринчи жылы эскертүү берилип, экинчи жылы жыйынтык чыгара албаса, чакыртып ала турган мыйзамдарды кабыл алсак, баары иштеп, ишинен жыйынтык чыгарып калышат. 

-- Жаңы бийликтин чек ара кызматын УКМКга кошконун бири колдосо, бири сындап, “чек ара кызматы өз алдынча өсө албайт калат” деп жатышат го?

-- Жаңы бийликтин чек ара кызматын УКМКга кошконун туура эле болду деп эсептейм. Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда Европа мамлекеттерине, Прибалтика мамлекеттерине барганда, чек ара кызматын бири коопсуздук кызматына кошуп берсе, кээ бири ИИМге кошкондоруна күбө болгом. Кыргызстанда деле мурун УКМКга кошуп, кайра бөлүп, оюнчук кылып алышкан. Бу сапар андай кылбай, анализдеп туруп кошсо керек да. УКМК башка дагы кызматтар менен тыгыз иштешип, биздин чек аранын бекемделишине, тартиптин болушуна өбөлгө түзөт деген ишеничтемин. Чек ара кызматында да канчалаган мафиялар бар экени далай жолу айтылган. УКМКга кошулганы андай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлат го. 

-- Туратбек агай, жаңы Конституциянын долбоору талкууга түшөр замат,  каршы, негативдүү пикирлер көп айтыла баштады. Конституциянын долбоору менен таанышып, барактап чыктыңызбы?

-- Окуп чыктым. Чынын айтсам, иренжитти. Бул Конституция Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзбөйт. Бул Конституция менен бир ууч адам эле жыргайт. Жаштар өспөйт. Мен бул Конституцияны окуганда, Акаевдин, Бакиевдин убагында түзүлгөн топтор бийликти колго алып, бийликтин кумарына баткысы келип жаткандай эле сезилди. Ошондуктан, “ушул Конституцияны кабыл ала коёлу” дебей, артка кылчайып карап, президенттик башкаруу кантип супер президенттик башкарууга өтүп кеткенин эстешибиз керек. 

Таңгалганым, парламентти өркүндөтмөк турсун, бутап салыптыр. Президенттик институт менен министрлер кабинетин кошуп, Жогорку Кеңештин уруксаты менен президент премьер-министрдин милдетин аткара турган кылышыбыз керек. 

-- “Курултай институту кириптир” деп жатышат го?

-- Курултай дегенибиз менен президенттик башкаруу болсо, алардын баары президентке баш ийип калат. Тагыраагы, “Акаевди өмүр бою президент кылыш керек” деген кошоматчылардын баары курултайга келип алышат. Ошондуктан, “курултай институтун киргиздик” деп элди сооротушпай эле койсун. Эгер президенттик башкарууга өтө турган болсок, келечекти жыйыштырып эле коюшубуз керек.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер