Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда никеге турган ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашууда
Кыргызстанда никеге турган ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашууда
26-декабрь, 20:23


Садыр Жапаров Элдик курултайда сүйлөп жатып, коомдун түпкү негизи болгон үй-бүлө институтуна коркунуч келтирип, тынчсыздандырган тенденция жаралганын айтты.
“2024-жылы 45 миңден ашык нике катталып, ошол эле кезде 13 миңден ашуун ажырашуу болгон. Эки башка жолго түшкөн жубайлардын саны 2023-жылга караганда дээрлик 6%га көбөйгөн”, - деди президент.
Ал үй-бүлөнү бекемдөөгө азыртан көңүл бурулбаса, келечекте социалдык, экономикалык жана демографиялык кесепети чоң болорун кошумчалады.











