Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Мамбетов кылмыш иштери жана кымбат баалуу коттеджи боюнча үн катабы?

Алмаз Мамбетов кылмыш иштери жана кымбат баалуу коттеджи боюнча үн катабы?

04-август, 09:00
522 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарында мэр болуп турганда Алмаз Мамбетовго башкы прокуратура төрт кылмыш ишин козгоп, оор беренелер менен айыпталган. Чуулган түшүп, кызматтан кеткени эсибизде. Кылмыш иштерин кандай жол менен жаптырып алганы коомчулукка белгисиз. Расмий органдар маалымат беришкен жок. Сыягы, «кол ийрисине тарткан» саясат менен көмүскөдөн «ымдашып» бүтүрүштү окшойт. Ал эми жакында Алмаз Мамбетов кайрадан аренада көрүнүп, Кыргыз-Азербайжан фондуна төрага болгону жарыяланды. Кайсы логика менен? Пул чыккан жерге жармаша бергени ушулбу? А баса, Кош-Көлдөгү Alpha Life Resort пансионатынан кымбат баалуу коттедж алганы аныкпы? Бул боюнча тар чөйрөдө кеп козуп, «Оштон «оруп» келген го?» деген божомолдор айтылууда. Кандай болгон күндө да, Алмаз Мамбетов артындагы күмөндүү суроолорго жооп берип, эл астында тазалануу кадамын сала алабы? Ачык-айкындуулукка барбаса, катуу шек кетип, түрдүү жоромолдор токула баштады. Үн катабы? Абай сала туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер