Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда Instagram расмий түрдө жабылды

Россияда Instagram расмий түрдө жабылды

14-март, 12:29
572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын аймагында Instagram социалдык түйүнү жабылды. Чектөө 14-март түнү Москва убактысы боюнча саат 00:00дө киргизилген. Роскомнадзор сервисти чектөө процедурасын толугу менен аяктады.

Белгилей кетсек, буга чейин Meta PlatformsУкраинадагы абалга байланыштуу Facebook жана Instagram социалдык тармактарында россиялык аскерлерге карата зомбулук көрсөтүүгө чакырык таштоого убактылуу уруксат берген. Бул эреже Россиянын жарандык коому үчүн жайылтылбай турганын компаниянын маалымат катчысы Энди Стоун билдирген.

Ал эми каомпаниянын вице-президенти Ник Клегг Facebook менен Instagram соцтармактарындагы жаңы саясат Украинада гана колдонуларын белгилеген. Ошол эле учурда ал Meta өзүнүн платформаларында ашынган русофобияны жана россиялыктарды дискриминациялоону көтөрө албастыгын кошумчалаган. Мындай билдирүүдөн кийин Россиянын башкы прокуратурасы соттон Meta компаниясын экстремисттик уюм катары таанууну, анын РФ аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салууну өтүнгөнүн кабарлаган.

Meta компаниясынын кызматкерлери Россиянын жарандарын өлтүрүүгө, зордук-зомбулук көрсөтүүгө чакыргандыктан, Россиянын тергөө комитети иш козгогону да айтылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер