Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясый күрөштүн айынан Камчы Көлбаевге маселе жаралабы?

Саясый күрөштүн айынан Камчы Көлбаевге маселе жаралабы?

25-июль, 09:00
538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин ишенимдүү жигиттеринин баары камакка алынып, “тазалоо” иштери жүргөнүнө күбөбүз. Кыйла эле алсыратуу, “жайдак” калтыруу таризиндегидей көрүнүш орун алды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, мындай аракеттер дагы күчөп, күзгө карай кыйла катаал чечимдер кабыл алынары, аягы Камчы Көлбаевдин өзүнө карата маселе жаралары айтылууда. Чоң саясый күрөшкө карата көмүскө күчтөрдү алсыратуу, таасир талашууга батыл киришүү божомолу ушулбу? Айрым билермандардын баамынан алсак, эгерде кезексиз президенттик шайлоо орун алса, коомдук аба ырайды өзгөртүүгө салым кошчу фигуралар иргелери, алдын ала жазага кабылышары ыраспы? Айтор, түйүнү чечилбеген суроолор арбын. Сыягы, лөктөр арасында алдыдагы шайлоо, так талаш кызуу жүрөрү каңкууланып, ошон үчүн көзгө көрүнгөн тарапташтарды, билеги күчтүүлөрдү бир жаңсыл кылууга баратышабы? 

Башкасын айтпасак да, өткөн төңкөрүштө кимдер кандай роль ойногонун, 9-октябрда Атамбаев, Бабанов баштаган саясатчылар Ала-Тоо аянтынан кандайча кубаланганын эстеп, саресеп салып көргүлө... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер