Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коменданттык сааттын кандай эрежелери бар?

Коменданттык сааттын кандай эрежелери бар?

24-март, 15:21
1 097 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Кыргызстандын өзгөчө абал жарыяланган аймактарында 25-марттан тарта саат 20:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин түшүндүргөнүнө караганда, бул убакытта жарандардын жөө жана автоунаа менен сыртта жүрүшүнө тыюу салынат. Борбор калаанын жана өзгөчө абал режими киргизилген аймактардын меймандары бүгүн түнкү саат он экиге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү зарыл.

"Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объектилеринен сырткаркы жайлардын баардыгы ишин токтотот" деди Орозалиев. Бул тууралуу “Спутник” маалымат таратты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер