Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпон Талипбек: “Мен сүйгөн адам жашоомдо пайда болгондо, сөзсүз түрдө кабарлайм”

Чолпон Талипбек: “Мен сүйгөн адам жашоомдо пайда болгондо, сөзсүз түрдө кабарлайм”

10-январь, 02:02
661 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү эстрада ырчысы Чолпон Талипбек үчүн өткөн жыл кандай болду? Келе жаткан жылга кандай максаттары бар? Ушул ж.б. суроолорду узаттык.

-- Чолпон, жаңы жылды кандай тосуп алдың, кыш мезгили жагабы?

-- Жаңы жыл – мен үчүн жакындарым менен кубанып тосуп алган майрам. Кандай маанилүү иштерибиз болсо дагы 31-декабрда сааттын жебеси 12ни көрсөткөндө жаңы жылды жакындарыбыз менен тосуп алабыз. Саат 2-3төрдөн соң гана досторубуз менен жолукканга чыгабыз. Мен үчүн ар бир мезгилдин унутулгус керемет ирмемдери бар. Кышында “жай болсо” деп, жайында “кыш болсо” деп күтө бербейм. Ар бир мезгилдин жакшы көз ирмемдерин сезгенге аракет кылам. Кышында спорт түрлөрү менен активдүү машыгып, коньки, лыжа тээп жетишип калуу керек. 

-- Өткөн жыл чыгармачылыгың үчүн кандай жылдардан болду?

-- Жакшы жылдардан болду. Эң негизгиси, ырларым угармандардын, күйөрмандардын жүрөгүнө жетти. Муну кайдан билебиз? Ар бир телерадиолор ырчыларга номинация берип жатышат. Бирок, негизгиси бул Ютуб, Инстаграмдагы кароолор жана элдин пикирлери болуп саналат. Биздин ырлар чындап угармандарга жетип жатканын ошол Ютубдагы кароолордон билсек болот. Өткөн жыл мен үчүн абдан ийгиликтүү болду. Эки ырым хитке айланып, элге таанылды.

-- “Нон-стоп” тобу бөлүнүп кеттиңер. Жеке иштөө кандай экен?

-- Жеке ырдаганыма экинчи жылга айланды. Көнүп да калдым. Өзүмө дагы жагып баштады. Чыгармачылыгымда толугу менен чоң жоопкерчилик сезип, айланаңдын баары сенден көз каранды болуп турганын баамдап, туясың. Командам мыкты. Быйыл да буюрса көптөгөн ийгиликтерге жеткенге аракет жасайм.

-- Эми жеке жашооңо токтоло кетсек, тоюңа качан күбө болуп калаар экенбиз?..

-- Мындай бактылуу күндүн эрте-кечи жок. Мен сүйгөн адам жашоомдо пайда болгондо, сөзсүз түрдө элим менен бөлүшөм, кабарлайм. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер