Тилек Токтогазиев, экс-министр: «Бизде мөңгү сууларын туура башкаруу жолго коюлган эмес»

– Тилек мырза, быйыл жайда суу тартыш болуп, эгин, жүгөрү, дээрлик азыктардын түшүмүнө кедергисин тийгизди. Мындай көрүнүш канчалык деңгээлде каатчылыкты жаратат? Өкмөт, айыл чарба министрлиги элдин ишенимин актай албай калдыбы?
– Бу жерде бир гана маселени көрүп атам, ал ОЧК–2 (обводной Чуйский канал-2) Чүй каналын айланып өтүү долбоорун ишке ашырыш керек. Кеминден 15,5 чакырым каналы жасалса деп буга чейин бир нече ирет айтып келгем. Азыркы учурда БЧКга секундасына 60 куб суу кирип атса, ОЧК-2 долбоору ишке ашып калса, секундасына 140 куб суу кирип баштайт. Бул маселе жакын арада чечилбесе, кийинки жылдары сугат жагдайы оорлогондон оорлоп, суу тартыш боло бермекчи.
– Негизинен Кыргызстанда суунун абалы кандай?
– Кыргызстанда суу кенен жана жетиштүү. «Суу жок» деп айткан болбойт. Чөлдө жашаган өлкөлөр «суу тартыш» десе жарашат. Алар айласы кеткенде деңиздин суусун тартып келишип, туздарын жоготуп, айыл чарбасына пайдаланып атышат. Израиль мамлекети ушундай жолго барууда. Бизде мөңгүлөр бар. Алардан жылына 2,5 миң куб суу чыгып турат. Ошол сууну башкарып, натыйжалуу түрдө колдонуу жагы оң жолго коюлган эмес.
– Чүй каналын айланып өтүү–2 долбоорун биздин бийлик башындагылар билеби?
– Бул боюнча президент Садыр Нургожоевич да, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович да билет. Билмек тургай, «2022-жылы салып бүтүрөбүз» дешкен, бирок азыркыга чейин баштала элек.
– Суу таңсыктыгын башка жолдор менен чечсе болбойбу?
– Болот, айыл чарбада БСР (бассейны суточного регулирование) же БДР (бассейны декадного регулирование) ыкмасы бар, скважина менен суу чыгарып дегендей. Бирок, булардын натыйжалуулугу төмөн жана аларды салганга көп каражат талап кылынат.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити